Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:39

Жалал-Абадда бирөөнүн батирин башкага мыйзамсыз өткөрүп берген судьяга иш козголду


Кыргызстандын сотунун кесиптик шайманы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын сотунун кесиптик шайманы. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун мурдагы төрагасы К.Н. аттуу судьяга Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 352-беренеси (“Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу”) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Тогуз-Торо райондук сотунда каралган жарандык иштердин бири боюнча 2021-жылдын 9-июнунда чечим чыгып, Казарман айылынын Нур-Жайык кичи шаарчасында жайгашкан талаштуу батирдин менчик ээси деп К.Т. аттуу жаран аныкталат.

Мындан эки айча убакыт өтпөй, 2021-жылдын 17-сентябрында судья К.Н. жаңыдан ачылган жагдайлардын жоктугуна карабай, сот отурумунун катышуучуларын катыштырбастан, сот жыйналышынын протоколдорун түзбөстөн бул ишти жалгандан өзгөчө тартип менен карайт. Бул ирет ал мурдагы чечимди сот адилеттигине жатпаган аныктама менен жокко чыгарып, мүлктү кайрадан Ж.М. аттуу жаранга өткөрүп берген чечим чыгарат. Ошол эле жылдын декабрында буга байланыштуу “Кадастр” мекемесинин аймактык башкармалыгын батирди экинчи жаранга каттоону милдеттендирет.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бул факт боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) тапшырды.

Тогуз-Торо райондук сотунун К.Н. аттуу судьясынын жогорудагы мыйзамсыз соттук актыларын жогору турган соттук инстанциялар жокко чыгарган.

2023-жылдын 17-октябрында Улуттук коопсуздук комитети пара талап кылуу фактысы менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. жана анын консультанты менен жакын досу кармалганын билдирген. Ага чейин, сентябрда Бишкек шаардык сотунун судьясына жана Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясына Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуунун түрлөрү”, “Пара алуу”, “Опузалап пара алуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG