Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:56

Сот Ош облустук милициясынын бөлүм башчысын үй камагына чыгарды


Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы. УКМК тараткан сүрөт.
Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы. УКМК тараткан сүрөт.

АКШнын жаранынан акча талап кылган деген шек менен кармалган Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы үй камагына чыкты. Мындай токтомду Ош шаардык соту 15-февралда кабыл алганын “Азаттыкка” Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына ылайык, 2023-жылдын декабрь айынын аягында АКШнын жараны облустук милициянын бөлүм башчысына (К.И.А.) зордуктоо, коркутуу жана шантаж кылуу фактысы боюнча Кыргызстандын жаранына (М.Н.М.) чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы арыз жазылган адам менен келишип алып, АКШнын жаранынан (Н.Б.) 2 миллион сом талап кылганы аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү 13-февралда кармалган.

Тергөөдө акчаны алуу үчүн М.Н.М. аттуу жаранды облустук милициянын бөлүм башчысы жеке автоунаасы менен алып келгендиги, ал жогорудагы жаранды кармоодо кылмыш болгон жерден качып кеткени такталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG