Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:26

ЖК комитети электр чыгырыкты көзөмөлдөө долбоорун колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Электр чыгырык (самокат) боюнча даярдалган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде 13-февралда каралды. Долбоордун автору депутат Марлен Маматалиев Кыргызстанда 2023-жылы 2 миңден ашык чыгырык бар экени такталганын, мындан улам алардын жолдо жүрүү эрежесин иштеп чыгып, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо зарылдыгы жаралганын айтты.

Долбоорго ылайык, чыгырыктардын жүрүүсү үчүн атайын тилкелер бөлүнүп, аларга жогорку ылдамдык чеги коюлушу керек. Ошондой эле жол эрежесин бузган учурда миң сом айып салуу сунушталууда.

“Казакстан, Орусия, Өзбекстан мындай мыйзамды кабыл алышты. Анткени бул биздин жашообузга жаңы келген нерсе. Аны жөн эле таштап коюуга болбойт. Мунун айынан канчалаган адамдар жабыр тартты”, - деди Маматалиев.

Мындан тышкары чыгырык тебүүгө 16 жаштан жогору жарандарга уруксат берүү сунушталган. Маматалиев мындай талаптарды чыгырыктарды ижарага берип кызмат көрсөткөндөр аркылуу жөнгө салса болорун кошумчалады.

Депутат Шайлообек Атазов мыйзам долбоору боюнча Министрлер кабинети терс корутунду берип, мындай документтин кабыл алынышы “максатка ылайыксыз” деп белгилегенин айтып, суроо салды.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов чыгырыктардын кыймылын көзөмөлдөө боюнча талаптарды токтом кабыл алуу менен эле жөнгө салса болорун билдирди.

Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоорундагы маалыматка таянып, соңку үч жылда Кыргызстанда чыгырыктарга байланыштуу 157 жол кырсыгы катталганын маалымдады.

Соңку бир-эки жылда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр кыймылдаткычы менен жүрүүчү чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйдү. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонундагы атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.

Шаардыктар көчөдө же паркта чыгырык айдагандар катуу ылдамдыкта жүргөндүктөн, жөө баскандарды же бири-бирин сүзүп, түрдүү окуялар катталып жатканын социалдык түйүндөр аркылуу бир нече ирет билдиришкен.

XS
SM
MD
LG