Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:37

Казакстанда ак куулардын жапырт кырылышы текшерилип жатат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын Каракөл көлүндө ак куулардын жапырт кырылышына байланыштуу жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Rixos Water World Aktau мейманкана комплекси айып пул төлөөгө милдеттендирилди. “Лада” жергиликтүү басылмасы Маңгыстау облусунун экология департаментине шилтеме жасап маалымдагандай, мейманкана айлана-чөйрөнү, суу объектилерин коргоо талаптарын бузган. Атап айтканда, анын суу тазалоочу жайлары иштеген эмес. Бул тууралуу Orda.kz Экология министрлигине шилтеме берип жазды.

Сөз болгон мейманкананын өкүлдөрү “Азаттыктын” казак кызматынын комментарий берүү өтүнүчүнө “юристтер маселенин үстүнөн иштеп жатат” деп жооп кайтарды. Буга чейин Rixos Water World Aktau куштардын кырылышына тиешеси жоктугун, ага “канаттуулардын тумоосу алып келгенин” маалымдаган.

Көлдөгү ак куулардын жапырт өлүмү тууралуу алгач былтыр декабрда айтыла баштаган. Окумуштуулар ошондо куш тумоосу тууралуу айтышкан. Кийин адистер ал экинчи себеп экенин, биринчи кезекте канаттуулар жемдин тартыштыгынан жана сууктан өлгөнүн аныкташты.

800 ак куу кырылгандан кийин 9-январда экологдор Rixos отелинен агып чыккан саркынды сууну текшерип жатканы кабарланган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Каракөлдө кырылган 1 миң 100дөн ак куу табылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен эки административдик иш козголду.

Экоактивисттер көлдүн айланасындагы бардык жайларды текшерүүгө, “Кызыл китепке” кирген куштар байырлаган жерлерди жакшыраак коргоого чакырышууда.

ууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG