Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:35

Анвар Сартаевдин адвокаты шаардык соттон аны үй камагына чыгарууну өтүндү


Куралдуу күчтөрдүн ардагери, аскердик укук коргоочу, камактагы Анвар Сартаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилди. Бул тууралуу анын адвокаты Юрий Скатневский "Азаттыкка" билдирди.

Сартаевди милиция 1-февралда кармап, соттун чечими менен 1-апрелге чейин камакка алынган. Ички иштер министрлигинен иштин чоо-жайын азырынча тактай алган жокпуз.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы маалыматты ырастап, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү менен айып коюлганын билдирген. Ал бөлүк “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деп аталат.

Адвокат Скатневский аны кармоо жана камакка алууну мыйзамсыз экенин билдирүүдө.

69 жаштагы Анвар Сартаев 2015-жылы Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына талапкерлигин койгон. 2017-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, кайра чакыртып алган. 2022-жылы Бишкектеги Биринчи Май округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG