Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Орунтаев Кыргызстандагы 3 миңдей курулуштун 200дөн ашыгы мыйзамсыз экенин айтты


Nurdan Oruntaev - Нурдан Орунтаев
Nurdan Oruntaev - Нурдан Орунтаев

2023-жылы Кыргызстанда курулуп жаткан мамлекеттик жана жеке менчик объектилердин реестрине 3039 курулуш киргизилип, аларда жумуштар жүрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын 9-февралдагы жыйынында билдирди.

Ал мунун 2459ү капиталдык курулуш объектилери, 580 чакан объектилер экенин тактады. Натыйжада реестрге киргизилгендердин 663 объект пайдаланууга берилген.

Орунтаев Кыргызстанда 224 курулуш объекти уруксатсыз курулган деп табылганын белгиледи. Мунун 147си ар кандай багыттагы объектилер болсо, 77си турак-жай объектиси.

Турак-жайлардын 38и Бишкек шаарында, 17си Ош шаарында, 8и Чүй облусунда, 7си Жалал-Абад облусунда, Нарын облусунда 1.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 1049 протокол түзүлүп, 38 млн 504 миң сом суммасында айып пул салынган, анын ичинен 21 млн. 504 миң сом өндүрүлгөн.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги мурдараак башкармалык сот органдарына өткөрүп берген курулуш компаниялардын жана алардын өз билемдик менен жана курууга уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялаган. Мамкурулуш атайын видеодон сырткары өзүнүн сайтында Кыргызстанда курулуп жаткан объектилердин картасында да мыйзамсыз турак-жайларды өзүнчө белгилеген. Анда мыйзамдуу курулуп жаткан үйлөр көк түстө, мыйзамсыз курулуп жаткан үйлөр кызыл түстө белгиленген.

Агенттик жарандарды соттук териштирүү иштери аяктаганга чейин жана соттун чечими чыкканга чейин аталган объектилерден турак жай сатып албоого чакырган.

Бишкек шаарында жана Ош шаарында көп кабаттуу турак жайдан батир сатып алгандар курулуш бүтпөй жатканын жана мыйзам бузуулар болуп жатканын айтып, бийликке утур-утур кайрылуу жолдоп келет. Жыл башынан бери эки шаарда тең "Эмаком" компаниясынан үй алгандар катар-катар нааразылык акцияларын өткөрүштү. (ErN)

XS
SM
MD
LG