Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:52

Азия Кубогу: Катар Иран курамасын 3:2 эсеби менен утуп, финалга чыкты


Катар курамасынын чабуулчусу Акрам Афиф беш голу менен Азия Кубогунун мыкты бомбардирлеринин арасында экинчи сапта келе жатат.
Катар курамасынын чабуулчусу Акрам Афиф беш голу менен Азия Кубогунун мыкты бомбардирлеринин арасында экинчи сапта келе жатат.

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун экинчи жарым финалдык беттешинде Катардын курама командасы Ирандын курамасын 3:2 эсеби менен жеңип, чемпионаттын финалына чыкты.

Доха шаарындагы "Аль-Тумама" стадионунда өткөн оюнда ирандыктардын катарынан Сердар Азмун (4-мүнөттө) менен Алиреза Жаханбахш (51-мүнөттө) гол киргизсе, катарлык оюнчулар Жассем Габер Абдулсаллам (17-мүнөттө), Акрам Афиф (43-мүнөттө) жана Алмоез Али (82-мүнөттө) бир гол киргизди. Ушуну менен Катардын улуттук курамасы Азия Кубогунун финалына экинчи жолу чыгып жатат. 2019-жылы өткөн Азия Кубогунда чемпион болгон.

Эми Катар курама командасы финалда Иордания курамасы менен беттешет. Финалдык беттеш 10-февралда өтөт.

Иордания курама командасы 6-февралдагы жарым финалдык беттешти Түштүк Кореяны 2:0 эсебинде утуп, өз тарыхында биринчи жолу мелдештин финалына чыккан.

Катар курамасы бул мелдеште атаандаштарынын дарбазасына 11 гол киргизип, бардык беттештерин утту. Чабуулчусу Акрам Афиф беш голу менен Азия Кубогунун мыкты бомбардирлеринин арасында экинчи сапта келе жатат.

Катар курамасынын акыркы алты оюндагы жыйынтыгы

  • (жарым финал) Иран - Катар 2:3
  • (чейрек финал) Катар — Өзбекстан 1:1 (пенальтилер сериясы 3:2);
  • (1/8) Катар — Палестина 2:1.
  • (тайпалык этап) Катар — Кытай 1:0;
  • (тайпалык этап) Тажикстан— Катар 0:1;
  • (тайпалык этап) Катар — Ливан 3:0.

Иран менен Катар курама командалары өз тарыхында 22 жолу беттешип, Иран 14 жолу жеңсе, Катар үч жолу уткан. Беш оюнда тең чыгышкан.

Мелдеш алдында спорт серепчилери жана букмекерлер Азия чемпионатынын башкы фаворити катары Жапонияны, Түштүк Кореяны, Сауд Арабиясын жана Австралияны айтып жатышат. Сауд Арабия курамасы 1/8 финалда Австралия менен Жапония чейрек финалда мелдештен четтесе, ал эми Түштүк Корея жарым финалда Иорданияга жеңилип калды.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Кийинки Азия Кубогу 2027-жылы Сауд Арабиясында өтөт.

18 жолу өткөн Азия Кубогунда Жапония төрт жолу, Сауд Арабия менен Иран үч жолу, Түштүк Корея эки ирет чемпион болушса, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бирден жолу чемпион болгон.(GT)

XS
SM
MD
LG