Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Украинада мобилизация боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды


Украина. 2018-жыл.
Украина. 2018-жыл.

Украинанын парламенти Жогорку Рада бүгүн 7-февралда өкмөт сунуштаган мобилизация учурундагы аскердик каттоо жана аскерге чакыруу эрежелерин тактоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Документтин кабыл алынышына кеминде 226 добуш керек болсо, бүгүн ага 243 депутат «макул» деп добуш берди.

Оппозициялык "Европа тилектештиги" жана "Батькивщина" фракциялары аны колдошкон жок.

Экинчи окуу 21-февралга белгиленди, кабыл алынса мыйзам апрелде күчүнө кирет.

Украин коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, мобилизация учурунда аскерге чакыруу азыркыдай 27 эмес, 25 жаштан башталат, чакыруу кагазын алып, бирок аскердик комиссариатка барбай койгондордун машина айдоо укугу чектелип, банк эсеби бөгөттөлөт. Аскердик каттоого чет жакта жашаган украин жарандары да тургузулат.

Чакыруу электрондук түр менен да жөнөтүлө баштайт, ал да мыйзамдуу болуп эсептелет.

Жогорку Раданын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дмитрий Лубинец мыйзам долбоорунда Конституцияга дал келбеген айрым нормалар бар экенин айткан, бирок аны колдоого чакырган жана экинчи окууда бир катар толуктоолор киргизилиши керектигин билдирген.

Документ боюнча негизги баяндамачы, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы, кызматтан алынышы ыктымалдыгы айтылып жаткан Валерий Залужный бүгүнкү парламенттик отурумга катышкан жок.

Кечээ 6-февралда 2022-жылдын февралынан бери Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келаткан Украинада согуштук абал жана аскердик мобилизация мөөнөтү дагы үч айга узартылды. (RK)

XS
SM
MD
LG