Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Bloomberg News: Орусиянын камактагы акчасын Украина үчүн колдонуу сунушталууда


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Дүйнөнүн алдыңкы жети мамлекетинин башын бириктирген «Чоң жети» уюму жана Европа Биримдиги Орусиянын Борбордук банкынын камактагы 250 миллиард доллардан ашуун акчасын согуштун айынан оорчулукту башынан өткөрүп жаткан Украинаны калыбына келтирүүнү каржылоо үчүн күрөө катары колдонуу сунушун караштырып жатышат. Бул тууралуу бүгүн 4-февралда Bloomberg News агенттиги ушул маселеге жакын чөйрөдөгү жеке булактарына таянып жазды.

Эгер сунуш колдоо тапса, Украинанын союздаштары өлкөнү калыбына келтирүүгө жардамын ошол акчаны күрөө катары колдонуп бере алышат.

Серепчилердин айтымында, согуш кандай жол менен токтотулган күндө да, эл аралык укук нормаларына ылайык, Орусия Украинага келтирген зыянынын ордун толтурууга милдеттүү болот. Эгер баш тартса, камактагы акчасына карата доо коюлушу ыктымал.

2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес. Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан. Ал эми 2014-жылы Крымды аннексиялап алган. 2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан.

"Чоң жети" уюмуна АКШ, Германия, Жапония, Италия, Канада, Улуу Британия жана Франция, ал эми Европа Биримдигине 27 өлкө мүчө. (RK)

XS
SM
MD
LG