Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Индияда тыңчылыкка шектүү көгүчкөн сегиз айдан кийин кое берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Индиянын полициясы тыңчылыкка шектелген көгүчкөндү кое берди. Көгүчкөн капаста сегиз ай камалып турган.

Канаттууну былтыр май айында Мумбайдагы порттун жанынан кармашкан. Анын буттарында эки шакекче кийгизилип, канаттарынын ички тарабында кытай иероглифтерине окшош жазуулар болгон. Полиция көгүчкөндү тыңчылыкка шек санап алгач полиция бөлүмүнө, андан соң жаныбарлардын клиникасына жиберген.

Тергөөнүн жүрүшүндө канаттуу Тайванда өткөрүлгөн "куштардын аламан жарышы" учурунда учуп кеткени аныкталган. Полиция көгүчкөндү тыңчылыкка айыптоону токтотуп, кое берүүнү чечкен. Куш январдын аягында капастан чыкты.

Жаныбарларды коргоочулар куштардын түрдүү оюндарга колдонууну сындап келишет. Куштардын жарышында көптөгөн көгүчкөндөр өлөт, бат уча албагандарын машыгуу учурунда эле жок кылышат.

XS
SM
MD
LG