Тарыхнаамабыздагы былтыркы мыкты табылгалардын бири – Эшенаалы Арабай уулу менен калемдешип 1911-жылы окуу китеп жазган казак айдыңы Хафиз Сарсеке уулу тууралуу Асел Даниярова шардана кылган биографиялык маалымат болду. Тарыхчынын блогу.
Атын атаса, куту сүйүнөт
Совет доорунда “кыргыздарга жазма маданиятын Ленин (Илелин) гана белекке берген” деген жомок кеп таңуулангандыгын бардыгыбыз билебиз. Иш жүзүндө кыргыздар орто кылымдардын эрте мезгилинде (славяндарда жазма пайда боло электе) айтылуу битик жазмасын (илимде “орхон-энесай руна сымал алфавити” деп аталып келген жазманы) ойлоп таап, өнүктүргөн түрк тилдүү элдердин бири болушкан.
Андан тышкары айрым кыргыз топтору тохар, согд, ханзу, сириялык несторий, чыгыш түрк (“уйгур”), тибет, монгол, ойрот ж.б. жазмаларын да билишкен. Ислам динине кирген кыргыздар Карахандар каганатынын доорунан тартып арап жазмасын да өздөштүрүшкөн.
Кыргыздар фарсы, чагатай жана тилдеринде өз чыгармаларын да жазышкан. Алардын айрым өрнөктөрү XVI кылымдан тартып сакталып калган. Кыргыздын бир катар элчилери, акындары жана тарыхчылары падышалык орточулук дооруна чейин эле өз дипломатиялык каттарын жана башка эмгектерин арап жазмасын пайдалануу менен жазышкан.
XX кылымдын башында өз элине алдыңкы көз карашты жайылткан түрк тилдүү мусулман айдыңдарынын – жадитчилеринин таасири менен кыргыздын белдүү азаматтары кыргыз тилинде арап жазмасында китептерди да басмадан чыгара башташкан. Алар тектеш түрк тилдериндеги ар кыл журналдарга ырлар жана макалалар да жарыялашкан.
Агартуу тармагындагы ошондой жадитчилик доордун даңазалуу өкүлү – Эшенаалы Арабай уулу (1882–1933) болгон.
Кыргызстандын постсоветтик эгемендик доорунда урпактар анын ысымын орусча Ишеналы Арабаев деп жазып, азыркы Кыргыз мамлекеттик университетине ыйгарышты, айкел да тургузушту, мурда тыюу салынган эмгектерин кайрадан жарыялашты.
Эшенаалы атанын белгисиз кала берген калемдеши
1911-жылы башкырлардын Өфө (Уфа) шаарында Эшенаалы Арабай уулу өзүнүн казак шериги Хафиз Сарсекеев менен биргелешип “Алип бе жаки төте оку” (“Алип бээ, башкача айтканда, ыкчам окуу”) деген окуу куралын арап арибинде кыргыз жана казак тилдерине орток кылып жарыялашкан.
Эшенаалы атанын өмүр баянын мүлдө түркологдор жакшы билишет. Казакстандык тарыхчы жана башка окумуштуулар да Эшенаалы Арабай уулу жөнүндө көптөгөн эмгектеринде ар кыл маалыматтар жарыялашкан; анын 1917-жылы (болшевиктер бийликке келе элек кезде) айтылуу “Алаш Ордо” автономиясын курууга катышкандыгын да саймедирлеп жазып келишкен.
Арийне, Алматы жана Астана шаарларындагы ар кыл илимий жыйындар маалында биз сурамжылаганыбызда, казак окумуштуулардын өздөрү дагы Э.Арабай уулунун калемдеши Хафиз Сарсекеевдин ким экендигин даана айта албай коюшкан.
“Балким, ал киши кийинчерээк Казакстандын карамагынан Орусиянын карамагына өткөрүлүп салынган мурдагы Казакстандын борбор калаасы Орунбор шаарынын айланасындагы казак айдыңдарындадыр; балким, ал жарандык уруш маалында, Алаш Ордо жыгылган чактагы согуштарда, же болбосо кийинки сталиндик репрессия маалында жайран болгондур?” деген жоромолдорду да эшиткен элем.
Асел Даниярованын корунун жалпы иликтөөлөрү
Айтылуу кыргыз айдыңы жана агартуучусу, Борбордук педагогикалык техникумдун бир катар жылдар директору болгон, жазыксыз жерден ГУЛагга айдалып, сталиндик абакта өлгөн Базаркул Данияровдун (1897–1942) бир тууганы Бакирдин (ал дагы ГУЛагда өлгөн) небереси, учурда “Санжарбек Данияровдун коомдук фонду” деп аталган коомдук корду байсалдуу жетектеп жаткан Асел Даниярова айымдын өзү XXI кылымдагы өз демилгелүү изилдөөчү жаран катары бизге чоң ачылыш болду.
Асел Даниярова 1958-жылы Бишкекте (ал кезде – Фрунзе шаарында) туулган. Атасы – профессор, медицина илимдеринин доктору, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери жана эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстандын ИАнын академиги Санжарбек Бакирович Данияров (1928–2011) эле.
Асел да ата нугун жолдоп, медик-илимпоз болуп калды. Ал 1986-жылы СССР Медицина илимдер академиясына караштуу Ревматология институтунда (азыркы Валентина Александровна Насонова атындагы Ревматология илим изилдөө институтунда) күндүзгү аспирантураны ийгиликтүү аяктап, медицина илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон.
Ал Орусия, Швейцария, АКШ сыяктуу өлкөлөрдө жашап жана иштеп келген.
2010-жылы ал “Санжарбек Данияровдун коомдук фондун” негиздеп, үч тилдүү интернет барагын да ачып, андан бери архив таануу жаатында зор ийгилик жараткан иликтөөлөргө багыт берип келет.
Асел Даниярова айым өзүнүн жаншериги Владимир Шварц жана кордун башка өкүлдөрү менен бирдикте 1916-жылдагы Борбордук Азиядагы улуттук бошондук көтөрүлүш, андан кийинки Улуу Үркүн жана жарандык согуш, совет доорундагы агартуу тармагындагы алгачкы реформалар тарыхы боюнча оригиналдуу маалыматтарды илим чөйрөсүнө дайын кылды.
Тарыхый инсандардын өмүр таржымакалдарын тактаган ошондой табылгалардын бири Хафиз Сарсекеевге байланыштуу болду.
Хафиз Сарсекеевдин кийинки тагдырын аныктоо
Тынымсыз иликтөөлөр жүргүзүп келе жаткан “Санжарбек Данияровдун коомдук фонду” 2022–2023-жылдары казак агартуучусу Хафиз Сарсеке уулунун (Сарсекеевдин) тагдырынын соңку жылдарын аныктаган өтө кызыктуу маалыматты шардана кылды.
Оболу, 2022-жылы 21-декабрда, Асел Даниярова айым “Хафиз Сарсекеев ким болгон?” (“Кто такой Хафиз Сарсекеев?”) деген орус тилиндеги макаланы коомдук кордун интернет барагында жарыялады.
Анда калыс изилдөөчү катары А.С.Даниярова казакстандык окумуштуулардын санарип доорундагы мыкты саамалыгына өз ыраазычылыгын билдирген.
Азыркы тапта казак тарыхчылары 1928-жылы казак жазмасы латын арибине көчүрүлгөнгө чейинки доордо казак тилинде чыгып турган ар кыл басылмаларды (китеп, журнал, гезиттерди) арап жазмасынан кирил жазмасына транслитерациялап чыгышкандыгын Асел айым өзгөчө белгилейт.
Алардын арасында арап тамгасында казакча жарык көрүп турган “Казак” (1913–1918), “Сары Арка” (1917–1919), “Ак Жол” (1920–1925, Ташкен; 1925–1926, Чымкен) гезиттери, "Ай Кап” (1911–1915), “Шолпан” (1922–1923) деген сыяктуу журналдар бар.
Алардын арасынан "Казак" деген гезитке 1913-жылы Хафиз Сарсеке уулу чакан үч кабар жарыялаган, анын бирине “Зайсандык мугалим Хафиз Сарсекеев” (“Зайсанда мұғалім Хафиз Сәрсекеев”) деп кол койгон.
Кабарлардын биринде ал Зайсан жергесинде “Казакийе” деп аталган жадиттик мектепке 85 окуучу алынгандыгы, көчмөн казактар балдарын окутууга дилгир болуп жатышкандыгы жөнүндө кеп салат.
(Азыркы тапта Зайсан ооданы Чыгыш Казакстан облусуна карайт. Аны мурда Жайсаң деп да аташчу. Бул оодан батышта Тарбагатай, түндүгүндө Күрчим оодандары, чыгышында жана түштүгүндө Кытай Эл Республикасынын ШУАР аймагы менен чектешет. Маңырак кырка тоосунун чыгыш бөлүгү жана Саур кырка тоосунун батыш бөлүгү Зайсан ооданынын түштүк бөлүгүн, ал эми Зайсан ойдуңунун чыгыш бөлүгү – түздүк келген Жайсаң өрөөнүнүн түндүк тарабын ээлейт.)
Айтмакчы, “Санжарбек Данияровдун коомдук фонду” Хафиз Сарсекеевдин бардык кабарларынын кирилче чечмеленген жыйнагын өзүнчө топтоп, окурмандарга өз алдынча үйрөнүү үчүн сунуш кылган.
Менимче, тарыхый булакка карата ушундай мамиле өтө зарыл. Албетте, болочокто арап жазмасындагы оригиналдын да фотофаксимилесин жарыялоого мүмкүндүк ачылат деп ишенебиз.
Казак тарыхчылары жарыялашкан архивдик маалыматтарга караганда, зайсандык окутуучу Хафиз Сарсекеев 1918–1920-жж. Алаш Ордо өкмөтүнүн чыгыш бөлүмүн колдоп, бул жаатта ар кыл коомдук жыйындарда өз чечендигин көрсөткөн экен.
Кийинчерээк ал оодандагы советтик агартуу системасына да салым кошкон.
1924-жылы Х.Сарсекеев “Ак Жол” гезитинин редакциясы тарабынан бул басылмага ырааттуу каржылык колдоо көрсөткөн айдыңдардын тизмесинде алкышка ээ болгон.
Урпактардын тастыктоосу
“Санжарбек Данияровдун коомдук фондунун” барагында Хафиз Сарсекеев тууралуу жогорудагы макала чыккан соң, 2023-жылы Асел Даниярова Казакстандан өтө кызыктуу электрондук жооп кат алды.
Хафиз Сарсекеевдин небереси Шолпан Несибекова жолдогон бул катты фонддун барагы кыргызчага кантип которсо, так ошондой сунуштайбыз:
“Саламатсызбы, Асель!
Сизге кат жазган — Сарсекеев Хафиздин неберелери. 2022-жылдын 21-декабрында чоң атабыз Хафиз Сарсекеев тууралуу кыргыздын залкар агартуучусу Эшенаалы Арабаевдин 140 жылдыгына арналып жарыяланган макалаңызды интернеттен көрдүк. Биз анын кызы Жамал Хафизовна Сарсекееванын балдарыбыз, Түндүк Казакстан областындагы Петропавловск шаарынын Петухово айылындагы керей уруусунан болобуз. Чоң атам да ошол жерде төрөлгөн деп ойлойбуз.
Ал 43 жашында Каркаралы жана Зайсанда казак мектептерди ачуу үчүн балдарды чогултуп жүрүп келтеден же ичкелтеден каза болгон деп апам айтып калчу, апам ал кезде 13 жашта болчу экен, демек, 1926–1927-жылдар деп болжолдосок болот. Ошондуктан ал сталиндик репрессияларга кабылган жок. Апамдын айтымында, чоң атамдын ата-энеси колунда бар адамдар болгондуктан, аны Уфага — ошол кездеги Россиядагы белгилүү окуу жай болгон “Галия” медресесине окууга жиберүүгө мүмкүнчүлүктөрү болгон.
Хафиз Сарсекеевдин агартуучулук ишмердүүлүгү, ошондой эле “Алаш” партиясынын Чыгыш бөлүмүнө мүчө болгондугу тууралуу Сиздин макалаңыздан окуп билдик. Ал үчүн Сизге терең ыраазычылык билдиребиз.
Несипбековдор: Совет, Сәуле, Зауре, Сайлау, Шолпан, Ерсаин
”.
(Булак: daniyarov.kg/2023/12/28/kto-takoy-khafiz-sarsekeev-prodolzheni/?lang=ky#comment-196640)
Ошентип, жогорудагы катта ысымы көрсөтүлгөн урпактар өздөрүнүн бабасы Хафиз Сарсеке уулу казактын керей уруусунан чыккандыгы, болжол менен 1882-жылы же 1883-жылы туулгандыгы, 1909–1912-жылдары Өфө шаарындагы “Галия” медресесинде таалим алгандыгы, болжол менен 1926–1927-жылдары, 43 жашында, агартуучулук кызматын аркалап жүрүп, ич келте оорусунун айынан мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу тастыктап беришти.
Кыска тыянак
Демек, Эшенаалы Арабай уулу 1917-жылы “Алаш Ордо” автономиялык өкмөтүн түзүүгө, ал эми 1924-жылы – Кара Кыргыз автоном облусун түптөөгө катышып, кыргыздын советтик алгачкы алиппесин түзгөн бараандуу агартуучусу жана мамлекеттик ишмер болуп калса, ал эми анын студент чактагы казак калемдеши Хафиз Сарсеке уулу “Алаш Ордонун” чыгыш өңүрүндө жана советтик Казакстандын чыгыш аймагында элеттик агартуучу жана публицист катары өз элине ак кызмат кылып, татыктуу өмүр сүргөн.
Эгерде Хафиз Сарсеке уулу дагы эле тирүү кала берген болсо, анда 1930-жылдары “мурдагы алашчы” катары кандай тагдырга калмак, божомолдоп айтуу кыйын. Ал эми Эшенаалы Арабай уулу (Ишеналы Арабаев) сталиндик доордо, 1933-жылы жалган жалаа менен улутчул жана пантүркчүл катары камакка алынып, ошол эле жылы 7-июнда Ташкендеги абакта (сот отурумуна чейин) сырдуу шартта каза болгон.
Салыштырсак, жадитчи тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков (1875–1942) да так ошондой жазыксыз жалаага кабылып, 1931-жылы Ташкенге өлүм жазасына тартылуу үчүн айдалып бара жаткан жеринен өз сакчысын күм-жам кылып, эптеп Чыгыш Теңир-Тоого качып кеткен. Улуу-Чат таоапта ага Жаныбек казы колдоо көрсөткөн. Акыры, 1942-жылы, Осмонаалы Кыдык уулу Текесте өз өлүмү менен дүйнөдөн кайткан.
Залкар агартуучу Эшенаалы Арабай уулу 1958-жылы толугу менен акталган, бирок анын көөнөргүс эмгектери “Кайра куруулар” доорунун акыркы жылдарына чейин коммунист цензорлордун “кара кулпусу астында” кала берген.
Постсоветтик эгемендик доорунда гана аталган жадитчи агартуучулардын жана башка бабаларыбыздын ишмердиктери тарыхый калыс баага татыды.
Эми Хафиз Сарсеке уулунун жаркын элеси да эки бир тууган өлкөдө татыктуу эскерилип турушу абзел.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.