Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:29

Орусиянын дрон чабуулунан Украинда 40 миң абонент жарыксыз калды


Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Орусиянын Киевге жасаган чабуулу учурунда "Шахед" дронун кармаган маал. 2023-жылдын 30-майы.
Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Орусиянын Киевге жасаган чабуулу учурунда "Шахед" дронун кармаган маал. 2023-жылдын 30-майы.

2-февралга караган түнү орус аскерлери 24 "Шахед" дрону менен Украинанын аймагын аткылаганы маалымдалды. Дрондор Орусиянын Краснодар аймагындагы Приморско-Ахтарск шаарынан жана аннексияланган Крымдан учурулганы Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн телеграм каналына жазылды.

Украин армиясынын маалыматы боюнча, Днепропетровск, Херсон, Кировоград жана Харьков облустарынын аймагында 18 дрондун 11и атып түшүрүлдү.

Кривой Рог шаарында дрон "Укрэнергонун" станцияларынын бирине тийип, зыян келтирилген.

Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак 40 миңден ашуун абонент электр жарыгысыз калганын билдирди. Лысак эки шахтада электр жарыгы өчүп, 100дөн ашуун жумушчу жер астынан чыгарылганын кошумчалады.

Ушул тапта аталган электр станциясында оңдоо иштери жүрүп жатат.

1-февралда Орус аскерлери Херсон облусунун Берислав шаарын бомбалап, Франциядан келген эки ыктыярчы набыт болгонун Херсон облустук аскер администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди.

Дагы үч чет элдик ыктыярчы, анын ичинде бир аял жеңил жаракат алганы расмий кабарланды.

Расмий маалыматка караганда, январда орус армиясы Херсон облусунун калктуу аймактарын 2793 жолу аткылаган. Бул кол салуулардын натыйжасында аймактын 23 тургуну набыт болуп, дагы 122си ар кандай деңгээлде жаракат алышкан. (AiA)

XS
SM
MD
LG