Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:54

НАТОнун үч өлкөсү Орусияга байланыштуу келишимге кол коюшту


Нидерланиянын коргоо министри Кайса Оллонгрен (оңдо) НАТОнун штаб-квартирасында. Брюссел.
Нидерланиянын коргоо министри Кайса Оллонгрен (оңдо) НАТОнун штаб-квартирасында. Брюссел.

Германия, Нидерланд жана Польша шейшемби күнү аскерлердин жана курал-жарактардын тез арада чек арадан өтүшүнө тоскоолдук кылган бюрократиялык иштерди кыскартууга багытталган келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

2022-жылы Орусия Украинага бастырып киргенден кийин НАТО жана Евробиримдик Москва менен ыктымал аскерий жаңжал чыгып кетсе ыкчам көрүлүүчү даярдыктарды баштаган. Бул учурда АКШ жана НАТОнун башка союздаштары Германия жана Польша аркылуу чыгышка ири аскер күчтөрүн жөнөтүшү керек болот.

Нидерланддын коргоо министри Кайса Оллонгрен Брюсселде Европанын коргоо агенттигинде сүйлөп жатып, ыктымал чыр-чатактын чыгышына чейин куралдуу күчтөрдү тез арада жайгаштыруу үчүн шарттарды түзүү өтө маанилүү экенин айтты.

НАТО Европа боюнча аскерлердин жана курал-жарактардын тез чек арадан өтүшүнө тоскоолдук кылган бюрократиялык иштер Орусия менен жаңжал түзүлүп калган учурда чоң тоскоолдук жаратарын уюмга мүчө өлкөлөргө эскерткен.

"Бизде убакыт аз. Жай турмушта жетишпеген иштерге кризис же согуш учурунда даярдануу мүмкүн эмес", - деген өткөн жылдын аягында НАТОнун материалдык-техникалык камсыздоо боюнча командачылыгынын (JSEC) башчысы Александр Соллфранк Reuters агенттигине.

НАТОнун аскерлери үчүн ок-дарыларды жеткирүүдө алдын ала маалымат берүү зарылчылыгынан баштап, аскердик конвойлордун аралыгына чейинки шарттарды талап кылган көптөгөн эрежелер бар.

XS
SM
MD
LG