Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:16

Макрон: ЕБ Киевге жардамын АКШга карабай улантышы керек


Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон АКШ Украинага мурдагыдан азыраак жардам берсе да, Евробиримдиктеги өлкөлөр Украинага жардам берүүнү уланта бериши керек деп эсептейт. Бул тууралуу Макрон 30-январда Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди. Ал "Орусияны жеңүүгө жардам берүү үчүн Европа Украинага ийиндеш болушу" зарылдыгын белгиледи. Француз президенти Евробиримдик бул үчүн экономикалык, аскерий жана украин аскерлерин даярдоого жардам бериши керек деп эсептейт.

Ошол эле учурда ал Орусия Украинанын аймактарын ракета менен аткылоосун улантып жатканын айтып, европалык лидерлерди Украинага жардамды тездетүүнун жолдорун табууга чакырды.

"Жакынкы айларда биз колдоонун масштабын көбөйтүшүбүз керек... Орусиянын жеңишинин баасы баарыбыз үчүн өтө кымбат", - деди Макрон.

Буга чейин Франциянын коргоо министри Себастьен Лекорню жана өлкөнүн башка өкүлдөрү Киевге берилчү жардамдын жаңы этабы, анын ичинде AASM 50 авиабомба, жапырт аткылоочу эки реактивдүү система жана артиллериялык снаряддар тууралуу айтышкан.

Эммануэл Макрон узак убакыт Орусиянын президенти Владимир Путин менен байланышты сактап калууга аракет кылган батыш лидерлеринин бири. Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып кирүүсү башталаар алдында ал сүйлөшүүлөр үчүн Москвага барып, согуштун алгачкы айларында Путин менен бир нече жолу телефондон сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

1-февралда Брюсселде Евробиримдиктин Украинага жардам көрсөтүүгө арналган саммити өтөт. Ал ортодо АКШда 60 миллиард доллардан ашык каражаттын жаңы пакетин бөлүү маселеси дагы эле чечиле элек. Конгресстеги республикачылар анын бекитилишине бөгөт коюуда. Муну Кошмо Штаттарга иммиграцияны чектөө боюнча бир катар чаралардын кабыл алынышы менен байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG