Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Өзбекстанда эки вайнер "үй-бүлөлүк зомбулукка үгүттөгөн" деп соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда «үй-бүлөлүк зомбулукту колдогон жана үгүттөгөн видео тартып жайылткан» деген негизде эки вайнер 15 суткага камакка алынганын «Озодлик» радиосу 29-январда кабарлады.

Иш 27-январда Ташкенттин Шайхонтохур районунда каралган. Өлкөнүн Жогорку сотунун маалыматына караганда, алар зомбулукка үгүттөгөн видеосун социалдык түйүндөр аркылуу жайылтышкан.

Чуулгандуу видеодо күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, бети-башы көк ала болгон келин төркүнүнө качып барганы, атасы алгач күйөө баласына ачууланып, бирок анын «кызыңар өзү күнөөлүү» деген сөзүнөн кийин келин кайра күйөөсүнө кайтып барганы баяндалат.

Сот эки вайнерди «зордук-зомбулукка, мыкаачылыкка, жыныстык дискриминацияга үгүттөгөн, ички иштер кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген» деген негизде 15 суткага камакка алды.

Коомчулукта чоң резонанс жараткандан кийин роликтин авторлору кечирим сураган видео жаздырып, мындан ары бул сыяктуу ишке барбоону убада кылышты.

Былтыр Өзбекстанда балдарды жана аялдарды зомбулуктан коргоого багытталган мыйзам кабыл алынган. Бул бир катар мекеме, бейөкмөт жана эл аралык уюм катышкан дээрлик бир жылдык иштин жыйынтыгы болгон. Активисттер жана укук коргоочулар Өзбекстанда аялдардын укугу, алардын түрдүү зомбулуктан корголушу начар абалда экенин айтып чыгышкан. Бул өлкөдө бир апта ичинде өспүрүм кыздар сексуалдык зомбулукка кабылган бир нече окуя катталганда коомчулукта чуу жараткан – Хорезмде жетимдер үйүндө тарбияланган кыздарды жергиликтүү чоң кызматтагы адамдар зордуктап жүрүшкөнү, Кашкадарьяда өгөй атасы зордуктаган кыз балалуу болгону, Хорезмде 15 жаштагы кызды 11 эркек зордуктаганы тууралуу фактылар аныкталган.

XS
SM
MD
LG