Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

УКМК "Унаа" мекемесинин адистери кармалганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитети (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин адистери кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын 30-январда тараткан маалыматына караганда, мекеменин төрт кызматкери бажы жана башка төлөмдөрдөн качуу максатында жеке адамдар менен макулдашып, туруктуу коррупциялык схема түзгөн шек саналып жатат. Схеманын негизинде жеке адамдар кузовдун жана кыймылдаткычтын айрым тетиктери деген шылтоо менен автомашинелерди алып келип жүрүшкөнүн билдирди.

"Бул аларга бажы жыйымдарын кыйла азайтууга мүмкүндүк берген. Ушундай жол менен алынып келген автоунааларда каттоого туруу үчүн баштапкы документтери болгон эмес. "Унаа" мамлекеттик ишканасынын адистери материалдык пайда табуу максатында акыркы бир нече жылдан бери Кореядан автотранспорт каражаттарын алып келүү менен алектенген жеке адамдар менен “тил табышып”, баштапкы документтери жок 600дөн ашык автоунаа каражаттарын өлкөнүн аймагына каттоого алышкан. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларлык зыян келтирилген", - деп жазылган маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында коррупциялык схемага түзүүгө шек саналыр, "Унаа" мамлекеттик ишканасынын адистери А.А. А., Т. М. М., С. Л. А. жана У. Б. М. аттуу жарандар 29-январда кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген.

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин бул ишке тиешеси бар башка кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Кыргызстанда автоунааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү менен алектенген “Унаа” мамлекеттик мекемеси 2018-жылы негизделген. Ишкана Садыр Жапаровдун 2021-жылдын аягындагы жарлыгы менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) карамагына өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG