Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:05

Башкырстанда митингден кийин кармалгандардын бири каза болгону тастыкталды


Уфа шаары. Алсыновду колдоп чыккандарды кармоо.
Уфа шаары. Алсыновду колдоп чыккандарды кармоо.

Башкырстанда активисттин соттолушуна каршы ири акциядан кийин кармалгандардын бири, Уфа шаарынын тургуну Рифат Даутов каза болгонун бүгүн 29-январда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматы билдирди.

Маркумдун бир тууганы Залия Ахмадеева аны өлүкканага чакырышканын, ал жактан инисинин сөөгүн тааныганын кабарлады.

Полиция Даутов ичкиликтин айынан жүрөгү кармап каза болгонун, ал эми Ахмадеева ал алкоголдук ичимдик ичпеген адам болгонун жана полиция күч менен таркаткан митингге катышпаганын айтып жатышат.

Маркумдун жакындары ал Баймакта да, Уфада да акцияларга катышпаганын, болгону, акция өткөн Уфадагы аянтка жакын жерде турганын, 25-январда шаар сыртында жүргөн учурда ОМОН кызматкерлери белгисиз бир жакка алып кетишкенин, сөөктү таануу үчүн чакырылганы менен, "тергөөчү жок" деген жүйө менен өлүкканага кире албай, сөөгүн көрө электигин 28-январда билдиришкен.

Жалпысынан, жергиликтүү телеграм-каналдардын маалыматына караганда, Башкырстандагы соңку окуялардан кийин 30даш ашуун киши кармалган, алардын көбүнө полицияга баш ийбөөчүлүк тууралуу берененин негизинде айып тагылган.

17-январда Баймак шаарында райондук соттун чечими менен жергиликтүү экоактивист, Куштау тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсынов "жек көрүүчүлүкту жана кастыкты козуткан" деген негизде төрт жылга эркинен ажыратылган. Ошол күнү бир нече миңдеген киши Баймак райондук сотунун жанына чогулуп, активистти бошотууну талап кылышкан. Полиция алардын тарап кетүүсүн талап кылып күч колдонгондо ортодо башаламандык тутанган.

Активист Алсынов ага тагылган айып негизсиз экенин айткан.

Ага каршы иштин козголушуна анын 2023-жылдын апрель айындагы сөзү себеп болгон. Адвокаттын айтымында, активистти "кара халык" деп айтканы үчүн айыпташты. Бирок, жактоочунун белгилешинче, бул жерде сөз кара эмес, жөнөкөй деген мааниде айтылган.

Алсынов мурда "Башкорт" деген уюмдун жетекчиси болчу. Бул уюмду Орусия бийлиги 2020-жылы экстремисттик деп жарыялап, өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салган.

Активист 2018-жылы Башкырстандын Ишимбай районунда жайгашкан Куштау тоосун коргоп калуу үчүн уюштурулган акциялардын катышуучусу болгон. Бийлик тоону «Башкыр сода» компаниясына өткөрүп берүүгө аракет кылган, бирок активисттердин аракети менен ага жаратылыш эстелиги деген макам ыйгарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG