Жапан адабиятынын ХХ кылымдагы көрүнүктүү өкүлү, көркөм психологиянын чебери Акутагава Рюнеско - чет тилдерге арбын которулган авторлордун бири. Анын кыска адабий өмүрүндө жараткан чыгармалары, адабий-философиялык ой жүгүртүүлөрү убакыттын өтүшү менен унутулуп калбай кызыгууну жаратууда. Бул ирет сүрөткердин “Чытырманда” новелласы тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз.
Ат жетелеген самурай
Акутагава Рюнесконун “Чытырманда” (1922) новелласынын сюжеттик-композициялык курулушу ушунчалык тактыгы, бир окуянын үч түрдүү болжолун ыктуу кыйыштыра алгандыгы окуган адамды таң калтырбай койбойт. Аңгеменин барк-баасынын көтөрүлүп кетишине дагы бир жагдай - мына ушул новелла менен жазуучунун “Расёмон дарбазасын” негиз кылып жапан режиссёру Акира Куросаванын кино тартышы, анысы Венеция кинофестивалында эң жогорку сыйлыкты жеңип алышы.
Детектив сюжетке негизделген психологиялык чиеш окуя токойдо отун алганы барган адамдын канжалап жаткан өлүктү таап алышына, иштин соттук териштирүүсүнө байланышкан. Окуя ушунчалык жөнөкөй, ошол эле учурда аябай татаал, чиеш түйүндөргө байланган. Жазуучу жаш келин, намыстуу самурай, токойдо каракчылык менен жан баккан катынпоздун образы аркылуу жапан коомунун негизги өзөгүн ачып берген. Ал өзөк самурайлык намыска, эркектин чечкиндүүлүгүнө негизделген.
Токойдо ажал тапкан самурай бирөөгө кылдай жамандыгы жок, мүнөзү жумшак, жибектей созулган жигит болчу. Мына ушул жумшактыгы, ишенчээктиги аны ажалга түртөт, жолдон учураган бейтааныштын калпына ишенип, ойго келбес оор жагдайга кептелтет.
Сот сурагында селсаяк турмуш кечирип жүргөн кечил “өлгөн кишини кечээ, жолдо баратканда, тирүү кезинде” көргөнүн ырастайт. Жолдо баратканын, аялын атка мингизип улоону өзү жетелеп алганын, аялы “жазы кырбылуу шляпа кийип” жүзүн жашырганын, ошондон анын өңүн көрө албай калганын билдирет. Жалы кыркылган жүрөмөл атты жетелеген самурайдын кынында кылычы, саадагы толо жебелери, жаасы бардыгын кечил эсинде сактап калыптыр.
Токойчу болсо каракчы Тадзёмаруну аңдып жүрүп акыры колго түшүргөнүн, мунун колуна тийбей из жазгырып кеткенде ал шумпай кылычы менен жүргөнүн, кечээ кечинде кармалганда жанынан жаасы, жебелери чыкканын, бул жерден жаа менен жебелер өлтүрүлгөн адамдыкы экенин билгенин ырастап отурат. Анын үстүнө бул аёо билбес каракчы катынпоз болчу, өткөн жылы токойдо киши колдуу жок кылынган аял менен кызды да ушул Тадзёмару өлтүргөн деп шектелип жүргөн.
Каракчынын колунан ажал тапкан самурай Канадзава Такехиро 26 жашта экенин сотко келген кемпир шардана кылды, маркум анын күйөө баласы экен. 19 жаштагы Масаго аябай сулуу, эркектерден эч калышпаган кайраттуу кызды апасы аябай мактады. Айтымда, ал самурайга чейин эркек сүйбөптүр, “өңү кара тору, бети кичинекей, сол жак көзүнүн кычыгында меңи бар” экен.
“Кечээ Такехиро менин кызым менен Вакасага жөнөгөн. Бул мүшкүл биздин башыбызга кай жазыгыбыз үчүн түштү? Кызым эмне болду экен? Күйөө баланын тагдыры болсо бүтүптүр, эми кызымдын кайгысы менин жанымды жай алдырбайт. Мен карыдым, баарыңарга ак батамды берейин, айланайындар, алдыңарга жыгылайын, эптеп менин кызымды таап бергилечи! Бул Тадзёмаруңар кандай кудай аткан жырткыч эле! Күйөөсүн эле эмес, кызымдын өзүн да жайратып койгон болуп жүрбөсүн, канкоруңар! (Андан ары сөз айтууга чамасы келбейт, ыйлайт)”.
Каракчы Тадзёмару ээн токойдо самурай Такехирону өлтүргөнүн мойнуна алып, бирок аялдын жанын кыйбаганын, кыйнаса, коркутса да билгенин гана айта аларын, келиндин кайсы жакка кеткенин билбей турганын моюнга алды.
Чытырман токой ичиндеги драма
Эмнеликтен күйөөсүн өлтүргөнүн ал аялдын сулуулугуна азгырылганы менен түшүндүрдү, шамал желпип өткөндө зайыптын жашырылган жүзү көрүнө түшкөнүн, ага периштедей эле сезилгенин, кара ниети ой ошондо башына келгенин, күйөөсүн өлтүрүп, аялын тартып алууну чечкенин жашырбады. Кытмыр оюн ишке ашырыш үчүн каракчы чытырман токойдун ичине өтө көп өлүү дүйнө катып койгонун, аны арзан эле сатарын айтып экөөн азгырган. Жолдон кыйла ыраак чытырман токой ичине алып барып, самурайды даракка таңып койгон.
“Мен өз максатымды ишке ашырууга ылайыктуу жер издеп бараттым. Эки колум менен бутактарды шилеп, байлыгым криптомерий дарагынын түбүнө жашырылганын маалымдадым. Сөзүмдү угуп эркек алдыга – криптомерийлердин ичке сабактары көрүнгөн тарапка шашыла жөнөдү. Криптомерийлер жыш өскөн жерге келгенде, мен аны капысынан басып жыгылдым. Белимдеги аркан менен аны көз ачып-жумгуча даракка чырмап таңып салдым. Жип каяктан дейсиңерби? Каракчы деген жипсиз жүрбөйт да. Анан ал кокус кыйкыра баштабасын деп, оозуна бамбук жалбырактарын аябай тыктым.
Ошентип эркек менен ишти бүтүрүп, кайрылып аялга келдим да, күйөөң кокусунан табы айнып тиерде жатат, анын эмне болгонун өзүң барып көр дедим. Аял шляпасын башынан алып, мен жетелеген жакка дароо жөнөдү. Анан биз кармашкан жерге келип, күйөөсү даракка таңылып турганын көрөрү менен шарт эле койнунан канжар сууруду. Мен мындай кайраттуу, азоо аялды эч көргөн эмесмин. Эгер кичине сак болбогонумда канжар ичиме сайылышы мүмкүн эле. Аял мага кыйла тап берди. Анча-мынча жерлеримди канжар чарпып да кетти. Бирок мен бекеринен Тадзёмару аталып жүрүпмүнбү. Кылыч суурубай туруп эле анын канжарын колунан ыргыта койдум. Куралсыз болгондон кийин аялзаты канчалык азоо болсо да колунан эчтеме келбеси бышык эмеспи. Ошентип акыры ойлогонуму аткардым, эрин өлтүрбөй, көзүн жайнатып туруп, аялын зордоп койдум.
Ооба, эркекти өлтүрбөй туруп. Аны мен кийин деле өлтүрөйүн деп ойлогон эмесмин. Бирок ыйлап жаткан аялды таштап, качып кетейин дегенимде, аял жинди болгон немедей шарт менин жеңиме жабышып, үнү каргылданып: “Же сиз өлөсүз, же менин эрим өлсүн... Экөөңөрдүн бирөөңөр өлүшүңөр керек. Эки эркектин көз алдында маскара болуу – бул өлүмдөн да катуу. Бирөөңөр өлүүгө тийишсиңер. Ким тирүү калса, мен ошого барам”, – деп безилдеп кыйкыра баштады. Ошондо мен эркекти өлтүргүм келип кетти”.
Каракчынын айтканында да жүйөө бар эле, самурайдын аялы күйөөсүн өлтүрүшүн сурап турушун биринчи ирет көрүшү, аны ушул жагдай аябай таңдантты. Каракчы жолдо бараткан самурайдын аялына азгырылганы менен, эркектик намыс эрежесинен чыккан жок. Даракта чырмалып турган Такехирону бошотуп, ачык кылычташууга чакырды. Самурай көз алдында аялы кордолуп, амалы куруп турган, колуна кылыч тиери менен жан аябай чабышка кирди. Тадзёмару буга чейин мындай жан аябас сайышка түшкөн эмес, каршылашынын көкүрөгүнө жыйырма үчүнчү шилтемде кылычын матырды. Буга чейин аны менен мынчалык узак эч ким кылычташпады эле, менмин дегени жыйырмага жетпей жайрачу. Самурайды сайып салып жанындагысын караса сулуу деген аял жок. Жер жуткандай дайыны билинбей кетиптир, токой тынчып турду.
Окуянын чоо-жайын Киёмидзу храмына табынганы келген аял ачыктады. Күйөөсүн даракка таңып коюп аялын зордогондон кийин каракчы экөөн таштап бир жакка житип кетиптир. Аял каракчынын алдында айласы куруп жатканда даракка таңылган күйөөсүнүн аны ушунчалык бир жек көрүү менен карап турганын байкаган. Уйпаланып, кордолуп, анан бир маалда эсине келип жака-белин караса каракчы жок.
“Эптеп ордуман туруп келип, күйөөмдүн көзүнө тигилдим. Бирок анын көз карашы түк өзгөрбөптүр. Мурдагысындай эле – муздак жек көрүү. Анда жанды каарыган намыс, кайгы, жек көрүү – бардыгы аралаш. Теңселе басып күйөөмүн жанына келдим.
“Угуп туруңуз. Бул шермендечиликтен кийин мен сиз менен жашай албайм. Ошон үчүн өзүмдү өлтүрүшүм керек. Бирок... мени менен кошо сиз да өлөсүз. Менин шерменде болгонуму сиз көрдүңүз. Ошондуктан сизди да тирүү калтырбайм”. Айтуу абдан кыйын болсо да ага мен мына ушул сөздөрдү айттым. Ошентсе да күйөөм мени мурдагыдай эле көз караш менен карап тура берди. Көкүрөгүм жарылып кете жаздап турса да демимди басып, эримдин кылычын издей баштадым.
Бирок кылычты эле эмес, эримдин башка куралдарын да каракчы алып кетсе керек, эчтеме таппадым. Бир гана өзүмдүн канжарым бут алдымда жатыптыр. Канжарды алдым да эриме айттым: “Азыр сиздин өмүрүңүздү кыям. Анан өзүм да артыңыздан кетем”.
Мына ушул сөздөрдү укканда күйөөм күч менен эриндерин кыбыратты. Үнү угулган жок, анткени оозу толо бамбук жалбырактары эле. Бирок анын эриндерин карап эмне айтканын түшүндүм. Баягы эле мени жек көргөн көз карашы менен күйөөм: ”Өлтүр!” деген сөздү айтты. Өзүм эстен танып баратып, анын көкүрөгүнө канжарды терең батырдым”.
Андан кийинкиси аялдын эсинен өмүр бою чыккыс элес болуп калды, өзүн жоготуп жерге чабылып түшүп бир маалда көзүн ачса күйөөсү дагы эле даракта таңылуу турат. Буркурап ыйлап сөөктү жерге жаткырып, канжарды өзүнүн көкүрөгүнө матырууга келгенде колу көтөрүлбөй койду. Канжарды тамагына такап көрдү, көлгө барып чөгүп өлөйүн деди, бирок жан чиркин ширин экен, эч нерсе кыла албады. “Өзүнүн эрин өлтүргөн, каракчынын алдында маскара болгон аял эмне кылышы керек?” Бул суроо жоопсуз калды.
Чымындай жаны чыркырап тиги дүйнөгө учуп кеткен маркумдун айтканы кийин кайып дүйнө аркылуу тирүүлөргө кайтып келди. Ал боюнча, каракчы аялын зордогондон кийин анын жанына отуруп көңүл жубатчу сөздөрдү айта баштаптыр, аялы аны кунт коюп угуп жаткандай таасир калтырыптыр. Аялынын чырайына ошондо дагы бир жолу ынаныптыр, бирок үмүтү үзүлбөй, “кантип эле” деп турса, зайыбы каракчынын сөзүнө эрип: “Анда мени кайда кааласаңыз ошоякка алып жөнөбөйсүзбү”, - дептир. Жолбун эркектин артынан ээрчип баратып: “Муну өлтүрүңүз!” деп айтыптыр.
Каракчы кантсе да адам экен, күйөөсүн “өлтүр” деген аялды тээп ийди да, жерде жаткан зайыпты көрсөтүп “муну эмне кылайын?” деп эрине бурулду. Мунусу: “Өлтүрөйүнбү?” деген сөз эле, күйөөсү башын ийкеди. Экөө токтолуп калганда, аял чытырман токойду аралап качып жөнөбөспү. Каракчы артынан кууп барып таппай келди, эркектин жибин кесип, жаасы менен жебелерин алып жолуна түштү. Кыска убакыттын ичинде ойдо жок окуянын болуп кетишине ишенип-ишенбеген самурай жерде жаткан аялынын канжарын алып көкүрөк туштап уруп алды. Андан кийинки мемиреген тынчтык аны бул жарыкчылыктын балиттигинен алып чыгып кетти.
“Тоо этегиндеги токой бир да жандуунун үнү угулбай, мемиреп турду... Бара-бара алар да өчтү. Көзүмө дарактар да көрүнбөй калды. Жер кучактаган мени да терең тынчтык койнуна алды...
Ошондо кимдир бирөө мага акырын жакындады. Мен анын ким экенин билгим, көргүм келди. Бирок дүйнө-күн, аалам абдан капкараңгы эле. Анан ошол белгисиз бирөө көрүнбөгөн колдору менен менин көөдөнүмдөгү канжарды акырын сууруп алды. Ошол замат оозум канга толуп чыкты. Анан мен жок дүйнө деп аталган түбөлүк карангылыкка биротоло сүңгүп кеттим”.
Бир окуяга үч тараптын бири экинчисине коошпогон түшүндүрмөлөрүнөн кандай жыйынтык чыгарууга болот? Чыгармада сүрөттөлгөн окуя чынында да жүрөк үшүтөрлүк оор, кысталыш чакта пенде баласынын кимдиги, кандайлыгы аңырайып ачылып каларын жашырып-жаппай көрсөткөн катаал реализм. Самурай Такехиро жолдон учураган каракчынын арзан дүйнө тууралуу аңыз кебине азгырылбаса, бул окуя болмок эмес. Каракчынын бал тилине Масаго сулуу да ишенип, жөн кетпей күйөөсүн өлтүрүп коюшун буйрук кылганычы?! А негизи болгон окуянын анык чоо-жайын самурайдын өзү ишара кылды окшойт.