Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:14

Үч оюнда бир гол. "Ак Шумкарга" эмне болду?


Кыргызстандын курама командасы Оман менен болгон оюндан кийин.
Кыргызстандын курама командасы Оман менен болгон оюндан кийин.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунан четтеп, 27-январда мекенине кайтып келди. “Акшумкарлардын” Азия Кубогундагы оюну Индонезиянын жарандарын гана сүйүнтпөсө, кыргызстандык күйөрмандардын ичи чыкпай калгандай. Анткени Штефан Таркович жетектеген курама тайпадан чыкпай калган сегиз команданын бири болуп калды.

Ошентип кыргызстандыктар Азия Кубогун беш жыл күтүп, үч оюнда жалгыз голго күбө болушту. Ошол эле учурда беш топту өткөрүп алды.

“Акшумкарлар” кетти. Азия Кубогунда кимдер калды?

Азия Кубогунун 1/8 финалы, же болбосо жыдымай оюндар 28-январда башталганы турат. Чейрек финалды 2-февралда, жарым финалды болсо 6-февралда көрө алабыз. Ал эми финалдык беттеш 10-февралга коюлган. Тайпадан чыккан 16 команданын арасында Борбор Азиянын эки командасы Өзбекстан менен Тажикстан бар. Өзбектер Тайландын футболчулары менен ойной турган болсо, Тажикстан Бириккен Араб Эмирлигине каршы чыгат. Кыргызстандын эки коңшусунун ичинен салыштырмалуу Өзбекстандын абалы жакшы деп айтса болот.

Азия Кубогунун плей-офф баскычына чыккан 16 команда
Азия Кубогунун плей-офф баскычына чыккан 16 команда

Тайпадан ийгиликтүү чыгып алган командалар сегиз сегизден эки торчого бөлүнүп, финалга чейин алардын жолу кесилишпейт. Алгачкы сегиздиктен Бириккен Араб Эмирлиги, Австралия, Сауд Арабиясы жана Түштүк Корея күчтүү команда катары саналса, экинчи топто Иран, Жапония, Катар фаворит катары эсептелип жатат.

Катардагы Азия Кубогуна күбө болуп, 27-январда курама команда менен келген күйөрман Адилет Керимбеков мелдеште араб командаларында артыкчылык бар деп эсептейт.

Адилет Керимбеков.
Адилет Керимбеков.

"Бул Азия Кубогу араб өлкөсүндө өтүп жатат. Андыктан алардын командасы утат деген ой пайда болуп жатат. Себеби араб командалардын ичинен Омандан башкасы мелдештин чечүүчү бөлүгүнө чыгышты. Бирок ошол эле Иран үч оюнда үч жеңиштүү болду. Ал эми Түштүк Корея менен Жапония тайпалык оюндардын упай жоготуп коюшту. Андыктан алар фаворит катары саналбай жатат. Австралия болсо муун алмашуу процеcсинде болуп, көпчүлүгү жаш балдар экен. Ал эми Өзбекстан жарым финалга чейин жетип барышы мүмкүн. Алардын сенсация жаратышына Элдор Шомуродов да жардам бере албачудай. Ирандын бардык оюнчуларынын даярдыгы жакшы экени байкалды. Алар финалга чейин жетип барат деп ойлойм. Ал эми экинчи тарапта Корея менен Ирак жарым финалга бара турган. Бул жерден Сауд Арабиясын дагы эстен чыгарбаш керек. Аларды Манчини машыктырууда. Кандай болсо да Иран командасы чемпион болот деген ойдомун".

Чындыгында эле Ирандын быйылкы курамы күчтүү, команданын да оюну жүрүшүп аткандай. Алардын лидерлери катары Италиядагы "Ромада" ойногон Сердар Азмун, Нидерланддагы "Фейеноорд" футбол клубунун жарым коргоочусу Алиреза Джаханбакш жана Португалиядагы "Портунун" чабуулчусу Мехди Тареми саналууда. Азмун тайпадагы үч оюнда бир гол киргизип, эки пас берсе, Тареминин эсебинде эки гол жана эки пас бар. Ирандыктар Азия Кубогун үч жолу жеңип (1968, 1972, 1976), алты жолу үчүнчү орунду алган. Буга чейинки 2019-жылдагы Азия Кубогунда жарым финалга Жапонияга утулуп калган (0:3).

Негизи Азия Кубогун эң көп (4 жолу) уткан команда Жапония болуп эсептелет. Бирок алар акыркы жолу 2011-жылы чемпион болушкан.

Бул мелдештин азыркы чемпиону Катардын курама командасы. Анда Катардын футболчулары чейрек финалда Түштүк Кореяны (0:1), жарым финалда болсо Бириккен Араб Эмирлигин (4:0), ал эми финалда Жапонияны 1:3 эсеби менен жеңип алышкан. Катардын быйылкы турнирдин ээси экенин, тайпалык баскычтагы үч оюнду тең утуп алганын, беш гол согуп, бир дагы гол кое бербегенин эске алып, аталган команданы фаворит катары эсептесе да болот. Ошол эле учурда Жапония, Түштүк Кореяны да эсептен чыгарбаш керек.

Үч оюнда бир гол. Кыргыз футболчуларына эмне болду?

Кыргызстандын футбол командасы F тайпасынан үч оюн өткөрүп, соңку беттеште 1 упай алды. Ал оюн эки команда үчүн аябай маанилүү эле. Утканында 1/8 финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок Оман менен Кыргызстан бири-бирин "ала жатууну" туура көрүп, Индонезия алгачкы жолу Азия Кубогунун тайпалык баскычын басып өттү. Ошон үчүн Индонезиянын жарандары кыргыз футболчуларына рахматын айтып бүтпөй, курама команданын социалдык тармактагы баракчаларын каптап жатышат.

Азия Кубогунун тайпалык баскысычынан чыкпай калган сегиз команда.
Азия Кубогунун тайпалык баскысычынан чыкпай калган сегиз команда.

Статистиканы карай турган болсок, Кыргызстандын футболчулары Тайланд менен болгон беттеште дарбазага үч жолу сокку узатса, Сауд Арабияга каршы оюнда бир дагы таамай тебүү болгон эмес. Ал эми Оман менен ойногондо эки сокку узатып, анын бирөө голго айланды. Жоел Кожонун тобу да позициялык чабуулдан кийин эмес, Омандын оюнчуларынын катасынан кийин кирди.

Кыргызстандын футболчулары тайпалык оюндардын жыйынтыгы менен Азия Кубогуна барган 24 команданын ичинен эң агрессивдүү курама болуп калды. “Акшумкарлар” үч оюнда алты сары, эки кызыл кагаз алган.

Жогорудагы статистика Кыргызстандын курамана командасынын Азия Кубогундагы оюну жүрүшпөй калгандыгынан, Кыргыз футбол бирлигинин начар даярдыгынан кабар берет. Болбосо соңку Азия Кубогунан бери 5 жыл өттү.

Башкы машыктыруу Штефан Таркович Оман менен болгон оюндан кийин команданын Азия Кубогундагы оюну боюнча мындай деген:

Штефан Таркович.
Штефан Таркович.

"Биз турнирге кылдаттык менен даярдандык. Бирок, мен Тайландга каршы оюнубузга абдан нааразы болдум. Ал оюн абдан начар болуп калганы мени абдан капалантат. Бирок, акыркы эки беттеште биз өзүбүздүн оюнубузду көрсөтө алдык. Айып аянтчаларда чечим кабыл алуунун үстүнөн иштешибиз керек. Кантсе да команда бул турнирдеги оюнчулардын курагы боюнча эң жаш курамалардын бири болду. Курам күчтөнөт, бирок бул үчүн көбүрөөк убакыт жана чыдамдуулук зарыл. Бул команда 2-3 жылдан кийин эң мыкты көрсөткүчтөргө жана ийгиликке жетет деп ишенем".

Футболду жакшы түшүнгөндөр Кыргызстандын курама командасынын Азия Кубогундагы атаандаштары белгилүү болгондон кийин Оман менен Тайланддан упай талашса болорун божомолдоп атышкан. Кыргызстандын футбол жетекчилери, машыктыруучулардын штабы, оюнчулар деле Катарга ушундай ой менен барышса керек. Тилекке каршы Тайланд менен болгон оюн ойдогудай болбой, беттештин 48 минутасында Кыргызстан 2:0гө күйүп атты. Андан кийинки беш алмаштыруу да абалды түзөп кеткен жок.

Андан кийинки Сауд Арабиясы менен болгон беттеште Кыргызстандын жеңүү мүмкүнчүлүгү аз эле. Айзар Акматов менен Кими Мерктин кызыл кагазы абалды биротоло оорлотуп койду.

Ал эми кыргыз футболчулары Оман менен тең ата ойногондой болду. Эгерде эки топ айырма менен утканда, анда 1/8 финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок эки команданын оюну ит жыгылыш эсеби (1:1) менен жыйынтыкталып калды.

Спорт баяндамачы Бексултан Үсөналиев Тайланд менен болгон беттеш курама команданын команданын Азия Кубогундагы тагдырын чечип койгонун айтып жатат.

Бексултан Үсөналиев.
Бексултан Үсөналиев.

"Тайланд менен болгон оюн баарын бузду. Башкы машыктыруучу негизги курамды туура эмес тандагандай элес калтырды. Анткени Оманга каршы чыкканда оюн азыноолак болсо да жүрүштү. Оман менен беттеште жаш оюнчуларга мүмкүнчүлүк берилгени жакты. Убагында Александр Крестинин жаш оюнчуларга аз убакыт берчү. Анын айынан азыркы муун алмашууда маселе жаралып атат да. Таркович Сүйүнбек Мамыралиев, Бекназ Алмазбеков сыяктуу жаш оюнчуларды чыгарды. Менимче алар начар ойногон жок".

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия Кубогундагы негизги жеңиши - тажрыйба болду. Анткени команда чындыгында эле жаш оюнчулардан куралган. Алардын эң аксакалы 1993-жылкы Кайрат Жыргалбек уулу. Андан кийин эле быйыл 30га чыга турган Бекжан Сагынбаев, Тамирлан Козубаев, Фархат Мусабековдор бар. Калганы 2000-жылдын тегерегинде төрөлгөн футболчулар. Кыргыз футболунун жетекчилери, башкы машыктыруучу Таркович да курама командада муун алмашып атканын айтып келишет. Күйөрмандар Эржан Токотаев, Бекназ Алмазбеков сыяктуу жаш оюнчулар бар экенин көрө алышты. Өзгөчө Токотаевдин оюну көзгө толумдуу. Болгону биринчи топко чыкканда ката кетирип атканы байкалат.

Анын үстүнө бул мелдешке Валерий Кичин, Алимардон Шүкүров, Эрбол Атабаев сыяктуу лидерлер жаракатынан улам катыша албай калышты.

Жаңы команда качан жемишин берет?

Кыргызстан менен Омандын оюнунан жарым саат өтпөй Омандын башкы машыктыруучусу Бранко Иванкович кызматынан кол жууду. Ал эми кыргыз командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 2024-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн келишимин узарта турганын билдирди. Анын келиши 1+1 системасы менен түзүлгөнү айтылып жүрөт.

“Команда менен келишим 2024-жылдын июнь айына чейин ылайыкталган. Мен курама менен калып, аларды тандоо оюндарына даярдайм деп ишенем. Бул турнирде тайпадан чыгуу максатына жеткен жокпуз. Кантип ойногонубузду, дагы кандай мүмкүнчүлүктөрүбүз бар экенин салыштыруу керек”, - деди Таркович.

Ал 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын жана 2027-жылы Сауд Арабиясында өтө турган Азия Кубогунун тандоо оюндарын айтып жатат.

Штефан Тарковичке чейин Кыргызстан футбол командасын Александр Крестинин 10 жылдай (2014-2023) машыктырды. Анын ийгилиги катары улуттук команданын 2019-жылдагы Азия Кубогунун 1/8 финалга чыкканын айтса болот. Анын кийинки Азия Кубогуна бир жыл калганда, 2023-жылы кызматтан алынышы көпчүлүк үчүн түшүнүксүз болуп калган. Анткени башкы машыктыруучуну 2019-жылдагы мелдештен кийин эле алмаштырыш керек болчу деген пикирлер арбын эле. Буга жүйө катары Крестининдин бир орунда туруп калганы, команда көп жаңыланбай атканы айтылган.

Бирок маалында Крестининди кетирбегенден кийин 2024-жылдагы Азия Кубогуна аз калганда Тарковичти дайындоо "ашуудан ат алмаштыруу" катары сыпатталган. Бирок Кыргызстандын футбол бирлиги чоң мелдештин алдында “кайра куруу жылдарын” баштоо чечимин кабыл алган. Балким алар Азия Кубогунун тайпалык баскычынан чыгууну, аны жеңүүнү максат кылышпагандыр.

Азия Кубогундагы үч беттештен кийин Штефан Таркович Кыргызстандын курама командасына прессингге ыктаган, көзгө толумдуу оюнду коюуга аракет кылып жатканы байкалат. Буга чабуулчулардан тарта, жарым коргоочулардын, коргоочулардын чуркап жүргөнү мисал болуп бере алат. Ошол эле учурда кыргыз футболчулары Тарковичтин идеясын толук сиңирбей, сиңирсе да аткара албай жаткандай. Прессинг кылуу аракетинен улам кыргыз футболчулары алты сары, эки кызыл кагаз алып жатат. Бул жерде футболчулардын физикалык даярдыгы да чоң роль ойноп калууда. Анткени көбү 90 минута чуркап жүрө албай, оюн жарымынан оогондо чарчап калып жатканы байкалат.

Азия Кубогунан кийин журналисттерге маек берген жана жеке сүйлөшкөн футболчулар Штефан Тарковичти колдой турганын, анын идеясы, машыктыруу стили да жагып атканын айтышууда.

Мисалы, Азия Кубогунда жакшы ойногон футболчулардын бири Одилжон Абдурахманов "Азаттыкка" мындай деген:

Одилжон Абдурахманов.
Одилжон Абдурахманов.

"Машыктыруучу жакшы. Буюрса мыкты команда түзөт. Өзүнөр билгендей команда 60-70% жаңыланган. Машыктыруучу балдардын мүнөзүн түшүнүп, өзү пландаган оюнун коюп жатат. Эми убакыт керек да. Машыктыруучуда айып жок".

Чындыгында эле Кыргызстандын курама командасында муун алмашып атканы Азия Кубогуна чейин эле айтылып, ушундан улам футбол адистери Катардагы мелдештен ийгилик деле күтүшкөн эмес. Кыргыз футбол союзу, башкы машыктыруучу Штефан Таркович Азия Кубогунан жаш делген команданы сынап алса, футболчулар тажрыйба топтоп кайтты. Жаңы түптөлүп атканы, жаңыланганы айтылган команданын дарамети бир-эки жылдын ичинде белгилүү боло баштайт. Алдыда 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына, 2027-жылдагы Азия Кубогуна тандоо оюндары турат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG