Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:39

Баткен: чек арадан мыйзамсыз ири суммада акча ташыган жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баткен облусунун милициясынан кабарлагандай, Кадамжай районунун Өзбекстан менен чек арадагы Алга айылында ушул эле айылдын 32 жаштагы И.И. аттуу тургуну өзүнүн автоунаасы менен кошуна мамлекеттен аткезчилик жолу менен мыйзамсыз акчаларды алып өтүп жаткан жеринен кармалды.

Эки мүшөккө таңгакталып салынган акчалардын жалпы суммасы 11 700 000 (он бир миллион жети жүз миң) рубль жана 110 000 (бир жүз он миң) АКШ доллар акча каражаттары далил катары алынган.

Бул факты Баткен милициясында Кылмыш жаза кодексинин 231-беренесинин (Экономикалык контрабанда) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG