Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:16

Каракол шаарында жер титирөөдөн эки мектепте жарака кетти


Каракол шаарындагы мектептерде кеткен жарака.
Каракол шаарындагы мектептерде кеткен жарака.

Кыргызстанда 23-январга караган түнү болгон жер титирөөдөн Каракол шаарындагы №1 жана №3 мектеп гимназияларынын имаратынан жаракалар пайда болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” №3 мектептин директору Элнура Тавалды кызы билдирди. Анын айтымында, жарака өтө чоң эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) облустагы башкармалыгы ушул тапта жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады. Алдын ала тактоо иштери боюнча Тоң районунун Кѳк-Сай айылынан бир, Жоомарт Бѳкѳнбаев айылынан дагы бир адамдын турак жайынан жарака кеткен.

“Каракол шаарындагы Ленин атындагы орто мектептин жана бала бакчанын дубалдарында жаракалар пайда болду” деген маалымат түшүп, шаардык жарандык коргонуу боюнча комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айылынын башчысы Таалайбек Баякунов буга чейин айылда сегиз үйдөн жарака кеткенин айткан. (AsK)

XS
SM
MD
LG