Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:51

Кыргызстандын айрым облустарында жер титиреди


Бишкек шаарында көпчүлүк тургундар ушу тапта сыртка чыгып турушат.
Бишкек шаарында көпчүлүк тургундар ушу тапта сыртка чыгып турушат.

Кыргызстанда 23-январга караган түнү катуу жер титирөө болду. Саат түнкү 1ге карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен расмий маалымат бериле элек.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында төрт жолу жер силкинген. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 балл деп көрсөтүлгөн. Калган үч силкинүүнүн күчү 5 жана 5,5 баллдын тегерегинде болгон.

Интернеттеги башка да маалыматтарга караганда, силкинүүнүн очогу Кыргызстандын Кытай менен чектеш тилкесинде саат 00:09да болду. Баштапкы кабар боюнча, анын күчү 6,2 баллга жетти.

Айрыкча Ысык-Көл облусунда, Бишкекте жер катуу силкингени тууралуу кабарлар чыгууда.

Көпчүлүк тургундар, кабат үйлөрдө жашагандар азыркы тапта короого чыгып турушат.

Казакстандын мамлекеттик органдары силкинүүнүн очогу Алматыдан 264 чакырым түштүк-чыгыш тарапта болгонун жазып жатышат.

XS
SM
MD
LG