1930-жылдары совет бийлигинин кулакка тартуу, коллективдештирүү саясатына нааразылыктан улам ондогон көтөрүлүш жана козголоңдор болгон. Көтөрүлүштөр ырайымсыз жазалоо менен коштолуп, көп адам жер оодарып качкан. Бул окуялар канчалык иликтенген? Алардын кесепети кандай болгон?
"Куугунтук курмандыктары" подкастында тарыхчы Гүлзада Абдалиева менен маек курабыз.
- Эгемендик жылдарынан кийин кыргыз тарыхчылары совет мезгилиндеги жаап-жашырылып келген бир катар фактыларды ачыкка чыгарып, тарыхтын актай барактарын толуктоого умтулуп келүүдө. Анын ичинен Нарындагы эки окуянын биринчиси - 1920-жылдын башындагы козголоң. Экинчиси - ошол окуядан он жылдан кийинки Ат-Башыдагы 1930-жылдарда болгон Ак чубак көтөрүлүшү. Алды менен 1920-жылдагы козголоң тууралуу кандай даректүү маалыматтар бар жана ал окуя кандай болгон, сөздү ушундан баштайлы.
- Менин изилдөөм 1916-30-жылдарды камтып, кыргыздардын Кытайга аргасыздан журт которушуна арналган. Изилдөөмдө алардын кайра ата журтуна кайтып келген 1962-жылдарга чейинки окуялар камтылган.
- Ушул изилдөө аркылуу көтөрүлүш, козголоңдор боюнча маалыматтарды таап калган турбайсызбы?
- Албетте. Биринчиси Нарын көтөрүлүшү деп аталат. 1920-жылы башталган. Көтөрүлүштүн жетекчилери ошол мезгилдеги Нарын аймагында эмгектенген К. Бондарев, Д. Кирьянов болгон. Жергиликтүүлөрдөн Жалыл Абдырахманов деген инсан катышкан экен. Бондарев жана Жалыл Абдырахманов кийин Кытайга качкан. Бул темага эмне үчүн кайрылып калдым? Анткени Кытайдагы кыргыздардын арасында изилдөө кылып жүрсөм, жергиликтүү кишилер "Ушул жерде массалык адамдардын өлүгү бар. Ушул жерден өтүп баратып, куран окуп өтөбүз" деп айтып калды. Кайсы мезгилге таандык десем, "Мөндүрөвдүн көтөрүлүшүнө байланышкан" дешти. Кытайлык кыргыздарга барып, сураштырганыбызда, “Кайсы Үркүндө?” деп көп суроо беришти. Биз “Кыргызстанда бир эле Үркүн болгон да” деп, 1916-жылкы Үркүндү айтабыз. Казыбек казалчы дагы “Үркүндөн кийин үркүн” деп жазып жатат. Ал жерде Кичи Үркүн, Орто Үркүн, Улуу Үркүн деп айтылат. "Орто Үркүн" - Нарындагы 1920-жылдагы Бондарев менен байланышкан көтөрүлүш. Алар аны “Мөндүрөв” дешет. Ал эми Кичи Үркүн коллективдештирүүгө байланышкан. Бул маалыматты тастыктап, “Үркүндөн кийин Үркүн, боз үйлөр чечилбей, Кытайга качтык” деп, Кытайда кыйналгандарын, оор абалын Казыбек казалчынын ырларынан таба алабыз. “Советтик система ушулбу?” деп кейип, бийликтин туура эмес жолго бараткандыгын, карапайым калктын кыйналгандыгын ырларында таамай чагылдырган.
Бул жакка келип иликтесек, совет мезгилинде дагы бул көтөрүлүштөр изилдениптир. Алгачкылардан болуп тарыхчы Б.Жамгырчинов дагы өзүнүн кандидаттык ишинде Нарын көтөрүлүшүнө кайрылган.
1920-жылдагы көтөрүлүштү изилдеп жүрүп, көптөгөн архивдерге бардык. Казакстанда "Казакстан Республикасынын президентинин архиви" бар. Ошол архивде көтөрүлүш жеңилгенден кийин Кыргызстанда 1000 киши жазага тартылганы, башкача айтканда, атылганы тууралуу маалыматтар кездешет. Жеке эле Кыргызстан эмес, жалпы Казакстандан кошо санаганда, биригип 3000 киши жазаланган. Демек, бул көтөрүлүш дагы масштабдуу болгон. К. Бондарев жана Жалыл Абдырахмановдор Кытайга качып кетишкен. Д. Кирьянов болсо Нарынга баратканда Кызыл-Үңкүр деген жерден колго түшүп, Караколдогу түрмөгө камалган. Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинен Д. Кирьяновдун колго түшкөндөгү, жоопко тартылгандагы жөнүндө түшүндүрмө катын таптык.
- Нарын көтөрүлүшүнүн башында турган кишилер Д.Кирьянов кызыл аскерде кызмат өтөгөн офицер деп жазылып жүрөт. Бондаревди соодагер деп белгилепсиздер. Ал эми Жалыл Абдырахманов деген ким болгон?
- Жалыл Абдырахманов Нарындагы партиялык ишкер болгон экен. Ал эми Д.Кирьянов мурунку ак гвардиячы, кийинки совет бийлигинин кызматкери, азыркы Торугарт чек арасындагы тозоттун башчысы болгон. Ушундай кызматтарды ээлешкен. Алардын көтөрүлүштөгү урааны мени таң калтырды. "Эркин соода!", "Эркиндик!" деп ушундай талаптарды коюшкан. Совет бийлиги орногондон кийин Торугарт аркылуу өткөн эркин соода жабыла баштаган. Бирок элдин байланышы үзүлбөйт да. Мисалы, Кыргызстандын аймагындагы кыргыздар жана Кытайдагы кыргыздар байыркы мезгилден бери алака-катыш кылып келген. Экономикалык, маданий жактан байланышып келишкен. Совет бийлиги орногондон кийин чек аралар жабыла баштаган. Ошондуктан алар көтөрүлүшкө чыгууга аргасыз болушкан. Д.Кирьянов 5-ноябрда чек арадагы өзүнүн аскерлери менен Нарынды басып алган. Кийинки багыттары Токмок, андан ары борборду көздөшкөн. Тилекке каршы, алардын максаты ишке ашкан эмес. Токмокко баратканда кызыл аскерлер аларды жолдо талкалаган. Бирок көтөрүлүшкө чыккандарды жеке эле Кыргызстан эмес, Казакстандагы Верныйдан (азыркы Алматы) дагы колдогондор болгон.
- Эл оозунда "Ак чубак көтөрүлүшү" деп аталып жүргөн 1930-жылдардагы окуяга мунун такыр байланышы жок турбайбы. Ошол экинчи окуя тууралуу эмне белгилүү?
- "Ак чубак көтөрүлүшү" архивдик маалыматтарда "Черик көтөрүлүшү" деп айтылат. Өзүм Ат-Башыдан болгондуктан, аксакалдар келип, көтөрүлүш, Кытайга качкандар жөнүндө жашыруун кеп кылганын укчумун. Кийин тарых факультетинин студенти болгондо, "1916-жылы качкан экен" деп ойлочумун. Анткени совет доорундагы көтөрүлүштөр тууралуу Кыргызстандын тарыхында маалымат жок. Бүгүнкү күндө дагы үзүл-кесил эле айтылат. Бул көтөрүлүш коллективдештирүү мезгилинде башталган. Негизги себептерине токтоло турган болсок: совет бийлигинин коллективдештирүү саясаты жана малчылык менен алектенген чарбаларга эгин себүү жана дан даярдоо боюнча пландын туура эмес берилишине байланыштуу болгон. Ат-Башынын табияты катаал болгондуктан, ал жерде эгин дагы бышпайт. Ошого карабай эгин планы жогору коюлган. Карапайым эл айласыздан өзүнүн малын сатып, акысына кайра эгин сатып алып, планды толтурууга аргасыз болушкан. Казалчы Казыбек Маматемин уулу ушул көтөрүлүштүн катышуучуларынын бири болгонун баса белгилеш керек. Көтөрүлүштүн жетекчилери боюнча архивдик маалыматтар табылды. Мисалы, Абдылда Жаанбаев, Кулчун Умуралиев, Сүйүндүк Турсун деп учкай гана айтылып кеткен. Мына ушул адамдар көтөрүлүштүн жетекчилери болгон.
Ал эми Казыбек айылында туулуп-өскөн педагог, филолог Нарынбек Өскөналиев агайыбыздын айтуусу боюнча: "Тозоттун башчысынын ар кандай өзүм билемдиги жана зордук-зомбулугуна чыдабаган эл аны өлтүргөн". Эл чар-жайыт козголуп, алардын башында Абдылда, Кулчун, Сүйүндүк, Турсун дегендер турган. Кытайга өткөнү ал жакка өтүп кеткен, өтпөгөнү тосулуп, бир далайы кырылган. Кытайга ашкандарды Көк-Аргын суусунун жээгине тизип туруп атып салышкан. Батыш тараптан туткундалгандардын башын кошуп, текши кырып саларда, атбашылык Ыбырайым Тойчинов* деген советтик партиялык кызматкер жогортон келген кыргынды токтотуу чечими менен шашылыш жетип барып, сактап калган.
Эл өзүнүн мүдөөсүн тынч митинг менен айтууну көздөгөн. Бирок Ат-Башыга баратканда аларды кызыл аскерлер замбирек, пулемёт менен тосуп алган. Анан эл качууга аргасыз болгон. Эки жол менен качышкан. Бул окуялар жөнүндө маалыматты биздин айылдагы тарыхты билген кишилер айтып беришти. Мүсүралы деген дагы бирөө ошол кезде 16 жашта болгон экен. Кытайга Сүйүндүк Турсундар менен качып, аскадан секирген. Ошондо бир көзүнөн айрылып калган экен. Кытайда түрмөдө он жылдан ашык отуруптур. Бир көзүнүн оорусу экинчисине өтүп, азиз болуп калгандан кийин, "коомго эч кандай коркунучу жок экен" деп бул жакка, өзүнүн мекенине жиберишкен. Бул жактан дагы суракка алынган. Көзү көрбөй калып, "мен ушул окуяларды элге жеткиришим керек" деп комузу менен ырдап өткөн экен.
- Абдан оор, трагедиялуу окуя экен. Жогоруда "Кытайдагы биздин боордоштор жапырт көмүлгөн жерде куран окуйт экен" деп айтып калдыңыз. Ошондо эки окуяда тең жазалоочу отряд көтөрүлүшкө чыккандарды Кытайдын чек арасына чейин барып кырганбы?
- "Ак чубак" көтөрүлүшүнө катышкандарды Кытайдын аймагына чейин кирип барып кубалашкан. Казыбек казалчы ошол жактан кармалыптыр. 1934-жылы Казыбек, Абдылда, Сүйүндүк башында турган качкын кыргыздар 40 үйлүү киши, 4 боз үй менен Иледеги кыргыздарга өтүп кетүү үчүн Кашкардан чыгып, Эки-Нарындын башы Үзөнгү-Куушта өргүп жаткан жеринен советтик чек арачылар тарабынан колго түшүрүлгөн. Алардын арасында Казыбектин аялы Зуурабүбү жана Абдылданын токолу Ажар болгон. Буктурмада Сүйүндүк атылып, Абдылда Кытай аймагында кала берген.
Ажар Курманбаева Пограничник айылында жашап өттү. Кийин совет бийлигинин куугунтугунан коркуп, Кайчиева деген фамилияны алган. Алар Кытайда Казыбектер менен чогуу болушкан. Советтик чек арачылар тарабынан колго түшкөн мезгилде бой кат болуп, Караколдун түрмөсүндө төрөп, баласы чарчап калып, ден соолугу калыбына келе электе эле, Зуурабүбү апа менен Ат-Башыга кайтып, Балыкчыдан Кочкорго чейин жөө келишкен. Мындай катаал жагдайлар өз таасирин тийгизип, ден соолугуна залал кетип, Ажар апа бул дүйнөдөн баласыз өткөн [Курманалиев Абдысактын маалыматы].
- Азыр ошол Кытайдагы кыргыз айылдарында качып баргандардын урпактары барбы?
- Албетте, урпактары бар. Экспедиция жүргүзгөндө, абдан көп маалыматтарды айтып беришти. Оозеки тарыхты жана кайсы айылдарда жайгашканын тактап келдик.
- Ушул үч окуяда жер оодарып качкандардын канчасы кайтып келип, канчасы биротоло ошол жакта калгандыгы изилденгенби?
- Бул боюнча көп изилдөө жүргүздүк. Биринчиден, 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин кайсы жерде калып калгандыгын иликтедик. Экинчиден, 1920-жылдагы көтөрүлүштөр, андан кийин коллективдештирүү мезгилинде 1930-жылдагы көтөрүлүштөрдө канча киши калып калганын тактоого аракет кылдык. Мисалы, бүгүнкү күндө Көк-Терек айылында он миңдей кыргыз жашайт. "Көк-Терек улуттук айылы" деген атайын макам алган. Бирок ал айылда байыртан жашап келген кыргыздар да бар. Ал жердегилердин 50% аргасыз журт которгондор. Ал эми Боз-Дөң, Жаман-Суу улуттук айылдарында 80%, 90% аргасыз журт которуп барып калышкан. Боз-Дөң чек арага жакын болгондуктан, ага барууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок ага карабай, ошол жердеги санжыра жазган адамдар менен байланыштык. Алардын айтуусу боюнча, бизге белгисиз болгон Мансур Мамбеталиев деген адам жөнүндө абдан көп оозеки маалымат болгон экен.
"Эмне үчүн биздин архивде жок?" деп ал кишини издедик. Биздин борбордук архивде ал кишинин басмачы деп Кытайда өлтүрүлгөн учурунда тартылган сүрөтүн таптык. "Ушул сүрөттөн башка материал жокпу?" деп издеп жүрүп, Мансур Мамбеталиев жөнүндө борбордук архивден таппаган материалды Караколдогу архивден таптык.
Бул киши көлдөн болот. Көлдүн аймагында Темир айылында "Чолок" деген көтөрүлүш болуптур. 1932-жылдары Көлдө - Балыкчыда, Барскоондо көп көтөрүлүштөр болгон.
Ошентип Мансур Мамбеталиев жөнүндө абдан көп маалымат табылды. Эмне үчүн Чолок көтөрүлүшү? Анткени кыска убакытта басылып калган. Бул 1932-жылга туура келет. Бул көтөрүлүш Темир, Григорьевкадан чыккан. Көлдүн күнгөй жана тескей тарабынан эл биригип чыкмак экен. Көтөрүлүш баштала турган күнү атайын от жагып, белги беришмек экен. Алар ошол белгинин күтүп жатышса, малчылар билбей эле от жагышат. Аны көргөндөр көтөрүлүшкө чыгып алышат, экинчи тарап чыкпай калат. Ошентип көтөрүлүш тез эле басылат. Чолок көтөрүлүшүнүн катышуучулары тууралуу архивдик материал табылды. Алардын жетекчилери жүздөй кишини кампага камайт. Анан "Баарыбыз жазага тартылып калышыбыз ыктымал. Андан көрө моюнга алалы. Көтөрүлүштү биз баштаганбыз" деп тың чыкма балдары сүйлөп, Карагандыдагы күзөтүү лагерине 10 жылга айдалышкан экен. Бул боюнча дагы абдан көп маалымат бар. Анан айрымдары Кытайга качып кетишкен. Мансур Мамбеталиев барскоондук. Ал дагы Кытайга качып, ошол жактан өлтүрүлгөн. Жогоруда тастыкталган сүрөтү биздин борбордук архивде турат.
- Демек, совет бийлигине каршы чыккан көтөрүлүштөр бир топ аймактарда болуптур. Бул тууралуу өзүнчө бир масштабдуу изилдөө керек окшойт?
- Албетте, масштабдуу изилдөө керек. Бул боюнча өзүмдүн илимий ишимди жазып, аяктадым. Бирок меники 1916-1934-жылдарды гана камтыйт. Келечекте "Совет доорундагы козголоңдор" деп китеп чыгарсакпы деп ойлонуп жатабыз. Анткени айрым козголоңдорду дагы деле тактай элекпиз. Мисалы, Базар-Коргондогу, Сузактагы көтөрүлүштөрдө он сегизден ашык талап коюлган экен. Борбордук архивден мени таң калтырган башка да маалыматтарды таптык. Сузак, Базар-Коргон, Алайдан Кытайга качкандардын туугандары НКВД тарабынан ар бири тизмеге алынган экен. Кимдин тууганы Кытайга качып кеткен, Кытайдын кайсыл аймагында жашайт, бул жакта кимдер жашайт - баары жазылган.
Ошол мезгилди архивден карап, талдаганда 1930-жылдарда түзөтүү лагерлеринин толуп калгандыгын байкасак болот. Мисалы, Фрунзедеги (азыркы Бишкек) түзөтүү мекемеси 88%, Оштогу 116%, Караколдогу түрмөлөр 138%, Нарында 170%, Таласта 115% жана Жалал-Абадда 165% толгондугун көрө алабыз. Кээ бир адамдар бейкүнөө эле “көтөрүлүшкө катыштыгы бар” деп камалып кеткен. Архивде мени абдан таң калтырган материал көрдүм. "Чолок көтөрүлүшүнө" катышкан Багышбеков Мамытбек жана Бекболотов Мамыт жөнүндө Чолок көтөрүлүшүнүн жетекчиси деп айтылат. Булар 34 гана жашта болушкан экен. Түрмөгө түшкөндө сөзсүз түрдө ден соолугу текшерилген. Алардын ден соолугу чың болгон. Алты айдан кийинки медициналык баракчасын карасам, мисалы, Багышбеков Мамытбек жүрөгү ооруп, ревматизм болгон.
- Оор шарттарда камалган да...
- Караколдогу түрмөнүн эң оор шартта болгондугу, ал гана эмес кызыл аскерлер алардын эшиктерин ок менен аткылап ойногондугу жөнүндө дагы бир маалыматты көрдүк. Ошол жакта отургандар кат менен жогорку инстанцияларга кайрылышып, арыз жазышкан. Бирок комиссия келип текшерип, “мындай болгон эмес” деген чечим чыгарган. Кармоо өтө оор жагдайда болгондугун баса белгилеп айта алам.
- Архивдерди изилдеп, ошол окуялар эсинде калган кишилер менен дагы көп жолугуптурсуз. Жазалоо канчалык болгон? Ошол жөнүндө маалыматтар барбы? Канча киши атылган? Канчасы сүргүнгө айдалган?
- "Ак чубак" көтөрүлүшү боюнча сегиз киши атууга кеткен. Анын ичинде Казыбек Мамбетиминовго биринчи болуп жогорку жаза берилген. Бирок кийин ал он жылга алмашылган. Колубузга тийген маалымат боюнча ушунча адам атылган. Биз билбеген, такталбаган материалдар абдан көп. Мисалы, ошол комиссия кандай түзүлгөн? Бир дарыгер, бир түзөтүү лагери дейбизби же жаза аткаруу жайынан дейбизби, ошонун башчысы жана жазаны аткара турган бир адам. Үч же беш адамдан комиссия түзүлгөн. Архивде, айрым жерлерде “жергиликтүү жердин НКВД же ОГПУнун кеңсесине жакын жерге атылып, көмүлдү” деген маалыматтар бар.
- Бул эми окуя басылгандан кийин жазага тартылгандар да? Окуя учурунда кандай жоготуулар болгонун билбейбиз да?
- Мен болгон маалыматты топтодум. Мисалы, Ат-Башыда ушул көтөрүлүштөн кийин 112 адамга жогорку жаза берилген. Анын ичинде сүргүнгө айдалгандары бар. Өзүмдүн таятамды көп жыл издедик. 1931-жылы көтөрүлүшкө катыштыгы бар деп, 1932-жылы атылган экен. Бул маалымат бир жыл мурун, КГБнын архивдери жарыкка чыккандан кийин Мамбетов Мады 1932-атылды деген маалымат табылган.
- Таятаңыз да Ак чубак көтөрүлүшүнө катышкан экен да?
- Ооба. Келечекте борбордук архивдерге, ошондой эле Казакстандын, Орусиянын, Өзбекстандын архивдерине барып иштейбиз. Бирок негизги материалдар мурунку КГБнын архивинде. Аны ачып беришсе, мүмкүн, мындан дагы башка көптөгөн көтөрүлүштөр, адамдардын тагдырын, тарыхты тастыктайт элек. Тарых келечектен сабак алуу үчүн жазылат. Архивдер толук колубузда болсо, мындан кеңири изилдөөлөр жүргүзүлөт беле деген ойду айтып кетмекчимин.
- Эмне үчүн көтөрүлүш “Ак чубак”, “Черик” деп аталып калган?
- Казыбек казалчы черик уруусунун ак чубак уругунан болгон. Негизинен бул көтөрүлүшкө черик уруусу катышкан. Анын ичинен ак чубак уругу дагы катышкан. Эл оозунда “Ак чубак көтөрүлүшү”, ал эми партиялык, архивдик документтерде “Черик көтөрүлүшү” деген ат менен белгилүү.
- Кеп арасында Казыбек казалчы жөнүндө көп айттык. Казыбек Мамбетимин уулу эки жыл мурун гана Жогорку Сот тарабынан акталды. Ал киши ушул окуяларга кантип аралашып калыптыр?
- Казыбек Мамбетиминов үй-бүлөсү менен кулакка тартылып, Оренбургда жашап калышкан. Калининге чейин кайрылышыптыр. Биздин борбордук архивде Казыбек Мамбетиминовдун колу коюлган арыздар бар. “Биз туура эмес айдалдык. Менин атам эгерде манап болсо, анда эмне үчүн мен жөнсүз эле кулакка тартылдым? Анын чарбасында мынча кой, үй болсо, менин чарбамда анчалык мал-жандык болбосо деле айдалдым” деп кайрылган. Кийин аларга уруксат берилип, кайрадан Кыргызстанга кайтып келишкен. Ак-Талаада өзүнүн кайындары жакта турат. Кийин өзүнүн кичи мекени Ат-Башыга келгенде, көтөрүлүшкө даярдыктар башталып калган. Бирок ошол жерде Казыбек казалчыга “Ат-Башы тынч эмес. Барбай туруңуз. Ак-Талаада эле болуп туруңуз” дешкен. Ага карабай, балким, ичинде кичи мекенине сагынуу болгонбу, баары бир Ат-Башыга кайткан. Анан Ат-Башыдагы окуяларды өз көзү менен көргөн. Көтөрүлүш, Кытайга качуу жөнүндө жакшы ырлары бар. Ал ырларды илимий изилдөөбүзгө колдондук. Анткени Казыбек казалчы түздөн-түз ушул көтөрүлүштүн катышуучусу болгон да. Оозеки тарыхты биз үчүнчү муундан гана чогулта алабыз. Ал эми Казыбек казалчы өз көзү менен көргөнүн ыр менен жазган. “Үркүндөн кийин Үркүн” деп, Кытайга качкандыгы жөнүндө жазган.