Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Аба ырайы: Бишкекте сууктун күчү -13 градус болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Синоптиктер билдиргендей, 22-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Маалыматта күндүз Ысык-Көлдүн айрым жерлерине кар жаап, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарына туман түшөрү, жолдор тоңголок тартып, тайгак болору айтылган. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -9…-14 суук, күндүз +3…+8 жылуу.

Суусамыр өрөөнүндө түн ичинде -26…-31, күндүз -8…-13 суук.

Таласта түнкүсүн -8…-13, Күн чыккандан кийин +3…+8 жылуу.

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түн ичинде 0…-5 градус, күндүз +6…+11.

Ысык-Көл облусунда түн ичинде -5…-10, күндүз -4…+1 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы -5…7 градус суук, күндүз 2 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Нарындын дыйканчылык аймактарында түн ичинде суук -13…-18 градус, ал эми күндүз -5…-10, бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -23…-28, күндүз -11…-16 суук.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын түнкүсүн -11…-13 гардус суук болот, күндүз 5…7 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG