Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:05

Кыргыз улуттук илимдер академиясындагы кереге кеңештен кийинки ойлор


КР УИАдагы кереге кеңештин катышуучулары. 19.1.2024.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясындагы гуманитардык илимдердин тармактарынын көйгөйлөрүнө арналган илимий кереге кеңеш. 19.1.2024.

2023-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясында (КР УИА) гуманитардык илимий тармактар жаатында илимий кереге кеңеш өттү. Анда профессор Ж.Сааданбековдун талаш-тартыштуу макаласы жөнүндө да талкуу болду. Бул шерине кыргыз илимпоздорунун заманбап идеологиялык көз караштарындагы ажырымды дагы бир ирет тастыктады. Тарыхчынын блогу.

Илимий жыйын тууралуу кыска ммаалымат

КР УИАнын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту (ТАЭИ) жана башка мекемелер жана жарандар таркаткан ар кыл маалыматты төмөнкүдөй кыскача жалпылап баяндай кетели:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын жаранын руханий жактан өнүктүрүүнүн жана калыптандыруунун идеологиялык стратегиясы” аттуу 2023-жылдын 13-декабрында кол койгон тескемесин аткаруу максатында 2024-жылдын 19-январында Бишкекте “Кыргызстандагы коомдук-гуманитардык илимдердин азыркы абалы жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу чаралары” деген аталыштагы кереге кеңеш болуп өттү.

КР УИАдагы кереге кеңештин программасынын мукабасы.
КР УИАдагы кереге кеңештин программасынын мукабасы. 19.1.2024.

КР УИАнын башкы кеңсесинде өткөрүлгөн илимий иш-чараны КР УИАнын вице-президенти, укук илимдеринин доктору, академик Чолпонкул Исаевич Арабаев ачып, алгачкы сөздү КР УИАнын президенти Канат Ермекович Абдрахматов мырзага узатты.

Расмий жетекчилердин өкүлдөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетов мамлекеттик идеологиянын көйгөйлөрү жаатында сүйлөп, бул маселеде саясатчылар үчүн илимпоздордун данектүү ойлору өзгөчө зарыл экендигин баса белгиледи.

Илимий шеринеде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин (ББИМ) орун басары Расул Абазбек уулу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, тарых илимдеринин кандидаты Марат Тагаев мырзалар да сөз сүйлөштү.

Илимий баяндамалар сунуштап, жана талкуу маалында өзөктүү ойлору менен тааныштыргандардын арасында саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жумагул Сааданбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, укук илимдеринин доктору Бийбосун Бөрүбашев, академиктер Абылабек Асанканов, Абдылдажан Амантур уулу Акматалиев, философия илимдеринин доктору Нур Саралаев, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов, экономист, КР УИАсынын мүчө-кабарчысы Жумабек Жайылов, педагог, КР УИАсынын мүчө-кабарчысы Эсенбек Мамбетакунов, саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков, социология илимдеринин доктору Нурбек Өмүралиев, КР УИАнын Мамлекет жана укук институтунун аспиранты, акын Жыргалбек Касаболотов, мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов, КР УИАнын ТАЭИсинин илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, ушул саптардын ээси жана башкалар болду.

КР УИАнын ТАЭИсинин “Фейсбуктагы” жарыясына караганда, катышуучулар бул жыйында саясат таануучу Жумагул Сааданбековдун “АКипресс” агенттигинде 16-январда жарык көргөн талаш-тартыштуу макаласы боюнча да өз ойлору менен бөлүштү.

Айтмакчы, бул орусча жарык көргөн макаланын мазмунунун кыргызча котормосу 19-январдагы илимий шериненин катышуучуларына таркатылды.

Коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков. 10.12.2010.
КР Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын 2012-жылдын декабрына чейинки ректору, коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков. 10.12.2010.

Жумагул Сааданбековдун талаш туудурган ойлорунан

Саясат таануучу, профессор Жумагул Сааданбеков СССРдин акыркы доорунда – “Кайра куруулар” заманында саясий Олимпке кыйла жакындап көтөрүлүп келген мурдагы коммунист идеолог жетекчилердин бири.

Ал 1940-жылы 3-мартта Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Шапак айылында туулган. 1960-жылы Пржевальск (Каракол) педагогикалык институтун (азыркы Ысык-Көл мамлекеттик университетин) физика-математика мугалими адистиги боюнча аяктаган.

Ал 1969–1974-жылдары Кыргызстан ИАнын Философия жана укук таануу институтунда кенже, улук илимий кызматкер болуп иштеген. Ал диссертациясын жактап, философия илимдеринин кандидаты даражасын алган.

1988–1990-жылдары ал Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин идеологиялык бөлүмүн башкарган. “Кайра куруулардын” эң соңку баскычында ал салыштырма либералыраа коммунисттердин канатында болгон.

1990–1992-ж. ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билим берүү, маданият, тил жана улуттар аралык мамиле, спорт, туризм боюнча туруктуу комиссиясына төрага жана Кыргыз Республикасынын алгачкы Президенттик кеңешине мүчө болгон.

1992–1996-жылдары Ысык-Көл облусунун акими болуп иштеген.

1998–2000-жылдары ал Кыргызстандын Украинадагы (андан тышкары Румыния менен Молдовадагы) элчиси жана 2001–2007-жылдары өлкөнүн Казакстандагы элчиси кызматтарын да аркалаган.

Ал бир катар жылдары КР Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын ректору болуп турган.

Биз бул блогдо профессор Жумагул Сааданбековдун КР УИАдагы айрым гуманитардык институттар мажүрөөлүк кылып жаткандыгы тууралуу сын пикиринин бардык жагдайларына токтолуп отурбайбыз, бирок бир катар саясий өңүттөргө кылчая кетмекчибиз.

Караңыз: Сааданбеков Ж. О повышении эффективности общественно-гуманитарных наук Кыргызстана // Акипресс. – 16 Января 2024.

Кыргызстандагы заманбап тарых илимдери жаатындагы анын башкы кинеси төмөнкүдөй айтылды (акыйкаттык үчүн анын оюн толугураак берелик):

Орусча текст:

...Но при всем при этом нет необходимости доказывать, что в многовековой истории кыргызов, ее мизерный отрезок, всего лишь 70 лет его нахождения в составе Советского Союза является самой ключевой, самой судьбоносной в его этнонациональном развитии. Если история кыргызского народа стала частью всемирной глобальной истории как члена ООН, то это стало возможной только благодаря этому непреложному факту. Непростительно нам забывать или не знать то, что четыре главных события определили историю не только кыргызов, но и всего человечества в XX веке.

Это – революция 1917 г. в России, результатом которого стало разрушение Российской империи и образование Советского Союза.

Это – Вторая мировая война, результатом которой стало крушение фашистских государств и образование новой системы международных отношений, сохранившийся до сегодняшнего дня.

Это – распад колониальных империй и образование на огромных пространствах Востока и Юга десятков независимых государств, в том числе и таких как Китай, Индия и другие.

Это, наконец, распад Советского Союза, последствия которого оказались более значительными, чем последствия крушения Российской империи.

Однако, как показывает даже поверхностный взгляд на список тематики института истории, данная красная нить народной истории оборвана, не упоминается даже святая святых для нас концепция большевиков «Об ускоренном развитии отсталых национальных окраин Царской России». Между тем современный кыргыз, особенно молодежь, родившаяся в годы независимости не знают, какой ценой Россия подняла с колен наш многонациональный горный край. Не знают они то, что сама Россия, корчась в муках от разрухи и голода у себя дома, инвестировал в нашу республику в разы больше, чем в свои центральные области, осуществляла уникальные модернизации: индустриализацию, коллективизацию и культурную революцию. Необходимо здесь подчеркнуть, что мы, кыргызы, не вправе, подражая западным либералам, огульно охаивать Советский Союз, ибо находясь в его составе, мы были освобождены не только от царского колониального ига, но и от сгнивших феодально-патриархальных отношений.

Основными игроками на поле мировой политики остаются национальные государства. Их поведение, как и в прошлом, определяются стремлением к могуществу и процветанию. Но эти их цели далеко не всегда достижимы без интеграции с более мощными, стержневыми державами, которые являются цивилизационными центрами силы.

В постсоветском пространстве все новые независимые государства, кроме Прибалтийских Республик и Грузии, вращаются в Евразийском концентрическом круге, в центре которого находится один из ключевых держав современного мира – Российская Федерация. Могу уверенно сказать, что именно здесь содержится мощный и уникальный потенциал формирования Евразийской тюрко-славянской цивилизации...

(Булак: https://mnenie.akipress.org/unews/un_post:38171 )

Кыргызча котормосу:

“...Абдан туура, кыргыздын байыркы тарыхынын, өзгөчө анын "ак" барактарынын, ата-бабаларыбыздын баатырдык каада-салттарынын маани-маңызын ашыра баалоо кыйын (мүмкүн эмес), алар бүгүнкү күндө мекенчил духту жана улуттук иденттүүлүктү калыптандырууда зор роль ойнойт. Бирок ошол эле учурда кыргыздардын көп кылымдык тарыхынын кичинекей бөлүгү, тактап айтканда, Советтер Союзунун курамындагы 70 жылы гана анын этноулуттук өнүгүүсүндө эң негизги, эң маанилүү (тагдырды чечүүчү) болуп эсептелет деп далилдөөнүн кереги жок.

Эгерде кыргыз элинин тарыхы БУУга мүчө болуу менен бүткүл дүйнөлүк глобалдык тарыхка кирсе, бул өзгөрбөс чындыктын аркасында гана мүмкүн болду. 20-кылымдагы кыргыздардын эле эмес, бүткүл адамзаттын тарыхын төрт негизги окуя аныктаганын унутуу же билбөө биз үчүн кечиримсиз.

Бул – 1917-жылы Россияда болгон революция, анын натыйжасында Россия империясы талкаланып, Советтер Союзу түзүлгөн.

Бул – фашисттик мамлекеттердин кыйрашына жана ушул күнгө чейин сакталып калган эл аралык мамилелердин жаңы системасынын калыптанышына алып келген Экинчи дүйнөлүк согуш.

Бул – колониялык империялардын кыйрашы жана Чыгыш менен Түштүктүн кеңири мейкиндиктеринде, анын ичинде Кытай, Индия жана башкаларда ондогон көз карандысыз мамлекеттердин түзүлүшү.

Бул, акыры, Советтер Союзунун кулашы, анын кесепеттери Россия империясынын кулашынын кесепеттеринен да олуттуураак болуп чыкты.

Бирок Тарых институтунун темаларынын тизмесин үстүртөн гана караганда көрүнгөндөй, эл тарыхынын бул кызыл жиби үзүлүп калган, ал тургай, биз үчүн ыйыктын ыйыгы болуп эсептелген большевиктердин «Падышалык Россиянын артта калган улуттук чет жакаларды тездик менен өнүктүрүүсү жөнүндөгү» концепциясы да сөз кылынган эмес.

Ал эми азыркы кыргыздар, өзгөчө эгемендүүлүк жылдарында төрөлгөн жаштар Россиянын көп улугтуу тоолуу аймагыбызды кантип тизеден тургузгандыгын билишпейт. Алар Россиянын өз үйүндө кыйроонун жана ачарчылыктын азабын тартып жатып да, биздин республикага өзүнүн борбордук аймактарына караганда бир нече эсе көп инвестиция салып, уникалдуу модернизацияларды: индустриялаштыруу, коллективдештирүү жана маданий революцияны ишке ашырганын да билишпейт.

Бул жерде баса белгилей кетүүчү нерсе, биз, кыргыздар, батыштык либералдарды туурап, Советтер Союзун ылгабай каралоого укугубуз жок, анткени анын курамында турганыбызда, биз падышалык колониялык моюнтуруктан гана эмес, чириген феодалдык-патриархалдык мамилелерден да бошотулганбыз.

Улуттук мамлекеттер дүйнөлүк саясат чөйрөсүндөгү негизги оюнчулар бойдон кала берет. Алардын жүрүм-туруму мурункудай эле күчкө жана гүлдөп-өнүгүүгө умтулуу менен аныкталат. Бирок бул максаттарга бийликтин цивилизациялык борборлору болуп эсептелген күчтүүрөөк, өзөктүү державалар менен интеграциясыз жетүү мүмкүн эмес.

Постсоветтик мейкиндикте Прибалтика республикаларынан жана Грузиядан башка бардык жаңы көз карандысыз мамлекеттер евразиялык концентрдик айланада айланышат, анын борборунда азыркы дүйнөнүн негизги державаларынын бири – Россия Федерациясы турат.

Евразиялык түрк-славян цивилизациясынын калыптанышы үчүн кубаттуу жана уникалдуу потенциал мына ушунда деп, толук ишеним менен айта алам...”

(Булак: Сааданбеков Ж. “Коомдук-гуманитардык илимдердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемесин ишке ашыруу боюнча милдеттер жөнүндө. – Баяндаманын 2024-жылдын 19-июнда жыйындын катышуучуларына таркатылган кыргызча тексти. – Б. 3–4. Текст автор Ж.Сааданбеков же анын котормочусу тарабынан кыргыз тилине кандайча которулуп сунушталса, так ошондой калыбында берилди).

КР УИАдагы кереге кеңеш.
КР УИАдагы кереге кеңештин бир катар катышуучулары. 19.1.2024.

Ж.Сааданбековдун ойлоруна карата пикирлер ар кыл болду

Илимий кереге кеңеште айрым катышуучулар Ж.Сааданбековдун ойлорун мактап-колдоп өтүшсө, башкалары аны сыйда түрдө же курч сынга алып жатышты. Илимий шеринеде гуманитардык илим тармактарындагы заманбап көйгөйлөргө да орчун көңүл бөлүндү.

Маселен, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев академиянын гуманитардык институттарындагы азганактай маяна алып, көп учурда өз акчасына жана демөөрчүлөрдүн каражатына бараандуу китептер жарыялап жаткан илимпоздорго таазим кылаарын айтып, жыйынга катышкандарды керегеде тизилип турган соңку жылдардагы көп томдуу жана башка илимий эмгектерди көрүүгө чакырды.

Анын айтымында, кайсы бир сырткаркы бүжөттүк илимий мекемеге өзгөчө маани берилип, андагылардын маянасы КР УИАсынын гуманитардык институтундагы кызматкерлердикинен дээрлик 1,5 – 2 эсеге көп сунушталып жаткандыгы да акыйкатсыздык болуп саналат.

КР УИАнын А.Алтымышбаев атындагы Философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев аталган институтта постсоветтик доордо бир катар бараандуу эмгектер жарык көргөнүн баса белгиледи жана бул институтка карата Ж.Сааданбеков тарабынан айтылган сынды бир тараптуу деп баалады. Акырында өз сөзүн жумшартып, сынчынын айрым ойлорун эске ала тургандыгын белгиледи.

Ал эми аталган институттун социологиялык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы, социология илимдеринин докору, профессор Нурбек Өмүралиев (Омуралиев) мырза саясат таануучу Ж.Сааданбеков мурдагы советтик идеологиялык түшүнүктө калганын белгилеп, жаңы доордо коомдук өнүгүү жүрүмдөрү жаатында таптакыр жаңы тарыхый баалар айтылып жатканына басым жасады.

Н.Өмүралиевдин оюнча, маселен, мурда “Улуу Ата мекендик согуш” деп аталган ири окуя, иш жүзүндө, эки социалисттик тоталитардык мамлекеттин тирешүүсү да болгон: бир жагынан, улуттук социализмди – нацизмди жактаган Гитлердин режими, экинчи жагынан, большевиктик таптык социализмди жактаган Сталиндин режими үстөмдүк үчүн өз ара согушкан. Ал социализм доорун мурдагыдай бир беткей баалоого мүмкүн болбой калганын эскертти.

КР УИАнын ТАЭИсинин илимий кызматкери, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова азыркы тапта тарых илимдерин өнүктүрүү жаатында, анын ичинде архив таануу жаатында өп-чап гана каражат бөлүнүп жаткандыгын сынга алды.

Советтер Биримдигиндеги айрым архив корлору алигиче ачылбай жаткандыгы жана кыргызстандык архив корлору жаатында мыйзам чыгаруу иши бир орундан алга жылбай токтолуп тургандыгы тууралуу А.Кубатованын омоктуу сыны бийликтер тарабынан эске алынууга тийиш деп ойлойбуз.

КР УИАнын Мамлекет жана укук институтунун аспиранты, акын Жыргалбек Касаболотов гуманитардык багыттардагы заманбап окуу китептеринин өксүктөрүн белгилеп, кырдаалдан чыгуу жаатындагы өзүнүн омоктуу сунуштарын ортого салды.

Маселен, ал окуу китептерин орус тилинен которбостон, дароо эле кыргызча жатык тилде жазуу зарылдыгын белгиледи.

Ж.Касаболотовдун айтымында, кыргыз адабияты окуу китеби үчүн чыгармаларды иргөө жаатында мурдагы советтик калыптан баш тартып, заманбап талаптарга ылайык маңыздуу кадам жасоо керек; ошондой эле, окуу китепке өрнөк катары тандалчу калемгердин расмий сыйлыктары менен наамдарын эске алуу сыяктуу эски өнөкөт талаптардан баш тартуу зарыл.

Академик А.Асанкановдун сөзүнүн мааниси

КР УИАнын ТАЭИсинин директору, академик Абылабек Асанканов “Тарых илимдеринин келечеги жана идеологиялык багыттар” деп аталган баяндамасында бир катар көйгөйлүү маселелерге токтолду.

Ал Жумагул Сааданбековдун өлкөдөгү тарых илими жаатында дээрлик иш аткарылбай жатат, деген кинесин четке какты. Мисал катары ал орус тилиндеги “Кыргыздар” (“Кыргызы”) деген этнографиялык энциклопедияны жана башка китептер менен макалаларды эске салып, кыргызстандык тарых илими ар тараптуу өнүгүп жатат, деп билдирди. Анын оюнча, жалаң гана совет доорунун тарыхына астейдил көңүл бөлүү менен чектелүү жаңылыштык болмок.

Ал Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет аталган күндөн бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик идеологияны иштеп чыгуу боюнча төрт жолу жумуш тобу түзүлүп, мамлекеттик деңгээлде аракеттер көрүлгөндүгүн баса айтты.

А.Асанканов Кыргыз Республикасындагы бардык этносторду ынтымакка чакырган улуттук идеологиянын негизи катары “Кыргыз жараны” деген атайын илимий жобону иштеп чыгуу 2021–2024-жылдары ырааттуу улантылып жаткандыгын баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, бул жобо 2011-жылдан тартып ырааттуу түрдө иштелип чыга баштаган болчу. 2020-жылдагы элдик ыңкылаптан кийин орногон бийлик бул багытты улантууда.

А.Асанканов профессор Жумагул Сааданбековдун талаш-тартыштуу макаласындагы “советтик доордун тарыхына карата анчейин көңүл бөлүнбөй жатат” деген кинесин кескин сынга алып, кыргыз элинин тарыхынын ар бир бөлүгү, кыргыз элинин калыптануусунан бүгүнкү күнгө чейинки ар бир баскычы кыргыз тарыхынын өзөгүн түзөт жана кыргыз элинин басып өткөн жолунун ар бир барагы терең илимий изилдөөнү талап кылат, деп баса белгиледи.

Айрым сын пикирлерибиз

Кереге кеңештеги жалпы талкуу маалында бизге да сөз берилгендиги үчүн бул шеринени уюштуруучуларга алкыш айтмакчыбыз.

Кыска болсо да, өз сөзүбүздө саясат таануучу Ж.Сааданбеков агайдын баяндамасынын текстиндеги “ал эми кыргыздар менен түрктөр азыркы англистердин, норвегиялыктардын, даниялыктардын, славяндардын ж.б. ата-бабалары болуп эсептелет” (орусчасы: “а кыргызы и тюрки являются предками современных англичан, норвежцев, датчан, славян и др.”), – деген тири шумдуктай сүйлөмдү окуп бердик да, маселенин күлкүлүү өңүтүн баса белгилөө үчүн азил кошуп айта кеттик:

“Мынча болду, биротоло кыргыздар азыркы кытайлыктар менен жөөттөрдүн деле ата-бабаларынан болгон”, деп кошуп жаза кетишсе, анда жөөттөрдүн Нобел сыйлыгына татыган 214 өкүлү кыргыздардын урпактары катары саналып калмак экен!”

Албетте, индоевропалык жана башка элдерге кыргыздар ата-баба болчу деп таңуулоонун өзү гуманитардык багыттагы илимпоздорубузду эл аралык чөйрөдө шылдыңга калтырчу жорук.

Дегиңкиси, кыргыз элинин тарыхынын өзүнүн эле барактары бараандуу. Бул улуттук тарыхты башка элдердин тарыхынын эсебинен жасалма жакшыртуунун эч кажети жок.

Андан көрө 2019-жылы бээжиндик профессор Ю Тайшан шардана кылган этнологиялык ачылышты андан ары тереңдетип иликтеп жана талкуулап, кыргыз тарыхынын мезгилдик көөнө босогосун тарыхчы Сыма Цян жазган маалыматтагы б.з.ч. 201-жылдан ары дагы сегиз кылымдай (б.з.ч. X кылымга чейин) тереңдетүү жаатында иш-аракет солгун болуп жатат, КР УИАсында бул жаатта 2019-жылдан бери эч бир кадам жасалган жок, деп баса айттык.

Гуманитардык илимдер, анын ичинде тарых илими да эл аралык кызматташтыкты өөрчүтүү аркылуу жагымдуу шарттарга ээ болот алат.

Маселен, Кыргыз Президентинин кеңсесине караштуу “Мурас” фонду азыркы тапта кытайлык Коомдук илимдер академиясынын тарых изилдөө институту менен көөнө ханзу (кытай) жана орто кылымдардын кечки мезгили менен жаңы доордогу манчжур тилдериндеги жазма булактардын кыргыздарга таандык маалыматтарын кыргыз тилине котортуу боюнча алгылыктуу иш алып барууда.

Акыркы мезгилде Кыргызстандын бийликтери бул илимий долбоорду жана кыргыз-кытай эл аралык илимий байланыштарын ырааттуу колдоп жатат, деп өз сөзүбүздө баса айта кеттик.

Ал эми кереге кеңештин сунуш жана чечимдеринин (резолюция) долбоорунда Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөр, ЮНЕСКО ж.б. менен илимий кызматташтык да эскерилиши абзел, дейбиз. Долбоордо жалаң гана ЕАЭБ менен КЭР эске алынып калганы өкүнүчтүү.

Албетте, көптөгөн илимпоздор кыска мөөнөттө бардык ойлорун айтып үлгүрүшкөн жок. Биз да кээ бир орчун ойлорубузду кошо албай калдык.

Маселен, археология жаатына да кыйла акча каражаттары бөлүнүүдө. Бул – абдан жакшы көрүнүш. Бирок азыркы тапта кыргыз археологдору жалаң гана КР УИАсында эмгектенишпейт, бир катар университеттерде жана музейлерде да археологдор иш алып барып жатышат. Демек, өкмөттөн бөлүнгөн каражат университеттердеги ж.б. археологдордун кесиптик көэйгөйлөрүн да чечүүгө тийиш.

Ал эми профессор Ж.Сааданбековдун “Акипресстеги” орусча макаласы жана кереге кеңеште таркатылган анын кыргызча котормосу бир катар эски советтик жана маскөөчүл идеологиялык чектелүүлөрдүн XXI кылымдын башындагы улантылышы болуп саналат, деген жеке пикирибизди кошумчалай кеткибиз келет.

Мисалы, ал “кийинчерээк чыныгы жашоо “марксизм – жалган илим” деген божомолдорду четке какты” деп жазат (албетте, анын эч кандай далилин келтирбейт. Балким, урматтуу профессорубуз Түндүк Кореядагы чучхе идеясынын “салтанатын” эске алып жаткандыр?)

Профессор Ж.Сааданбеков бул текстинде чакырган “үчүнчү жол” – эч качан марксисттик жол катары карала албайт эмеспи.

Кызык, бир кездери Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп иштеген Ж.Сааданбеков мырза азыркы таптагы путиндик Орусиянын эгемен Украинага каршы баскынчыл согушу жөнүндө макаласында эч сөз кылбайт.

Ал эми Ж.Сааданбековдун Орусия жана “жеке анын президенти В.Путин – жалпы түрк-славян дүйнөсүн түзүү идеясынын автору” деген сөзү, калыс тарыхчынын көзү менен караганда, таптакыр эле жарабаган бүтүм (нонсенс).

Чыгыш славян өлкөлөрүнүн бири – эгемен Украинанын бир катар аймактарын 2014-жылдан бери өкүмзордук менен убактылуу каратып алган президент Путинди кантип “славян ынтымагын түптөп жатат” деп айта алабыз?

Татар улутунун латын алфавитине кайра кайтуу чечимин XXI кылымдын башында жокко чыгарган жана федерациядагы улуттук азчылыктардын автономиялык укуктарын кемейтип жаткан Путинди кантип “түрк-славян ынтымагын түзүп жатат” деп айта алабыз?

Бул саясат таануучу жана философ агайдын ири мамлекеттерге (анын сөзү менен айтканда. “бийликтин цивилизациялык борборлоруна”) эрмешүү аркылуу жан багуу жаатындагы оюнун өзөгү – анын маскөөчүл турумунда.

Эгерде ири мамлекеттеги бийлик таптакыр эле демократияны четке кагып, авторитардык же диктатордук режимди чыңдап жатса, анда акыл-эстүү өкмөтү бар чакан өлкөлөр мындай мамлекеттен этият болууга жана эл аралык кызматташтыктын атаандаш багыттарын бир учурда (көп вектордуу, б.а. көп нуктуу дипломатия аркылуу) жүргүзүүгө умтулушу керек.

Авторитардык мамлекеттин көзөмөлү астында жана ал таңуулаган эрежеге ылайык түзүлгөн ар кандай бажы биримдиктери аларга мүчө болуп калган чаканыраак мамлекеттердин кызыкчылыгына төп келбей тургандыктарын аңдоо үчүн эчак эле убакыт жеткен деп санайбыз.

Албетте, философтор сүйгөн “эклектикалык аралашма” деген түшүнүккө да саал жетелеген, алты-жети бутту бир кончко сыйдырган бул баяндама тексти тууралуу ар кыл адистер өз пикирлерин айтышаар. Айрымдары зор ачылыш деп макташаар, айрымдары ийиндерин куушуруп коюшаар.

Баса, урматтуу Жумагул Сааданбековдун баяндамасында эч айтылбаган бир жагдайды КР УИАсындагы илимий кереге кеңеште белгилей кеттик.

Бул – постсоветтик Кыргызстандагы эң башкы жетишкендиктердин бири – чыныгы сөз эркиндиги. Дал ушул жаатта Кыргызстан путиндик Орусия түгүл, коңшу Казакстандан да кыйла өйдө деп сыймыктанабыз, бирок, кейиштүүсү, ал дүйнөлүк көрсөткүч боюнча уламдан улам төмөндөп келет.

Азыркы тапта эркин журналист, акын, блогчу жана публицисттердин үстөккө-босток кармалып жатышы Кыргызстандагы жарандык коомду кейитип жатат.

КР УИАдагы кереге кеңешке катышкан бийлик өкүлдөрүнө кармалып жаткан айдыңдарды боштондукка чыгаруу өтүнүчтү “жогорку жакка жеткирүү” тууралуу сөзүбүздү да кыстара кеттик.

Дал ушул сөз эркиндиги, ошондой эле көп партиялуулук, эркин базар мамилелери, менчиктин көп түрдүүлүгү, көп нуктуу дипломатия жана башка демократиялык асыл нарктар эгемен Кыргызстандагы жалпы жарандык коом үчүн гана эмес, бүгүн бийликте отурган жана болочокто (акыры түбү мыйзамдуу жол менен) ардагерликке кете турган азаматтардын дагы жаркын болочогу үчүн кызмат кылаары шексиз.

Айтмакчы, кыргыз илимпоздорунун заманбап идеологиялык көз караштарындагы ажырымды кемчилик катары кароого эч мүмкүн эмес. Бул дагы – сөз эркиндигинин демейдеги татынакай мөмөсү.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG