Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:51

Дагы алты журналист 13-мартка чейин камакка алынды


Иштер Биринчи Май райондук сотунда каралууда.
Иштер Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Бүгүн 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кечээ кармалган 11 кызматкеринин бөгөт чарасы каралууда.

Саат 21:30га карата Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Сапарбек Акунбеков, Актилек Капаров, Жумабек Турдалиев да эки айга тергөө абагына камакка алынышты.

Алардын алдында Махабат Тажыбек кызы, Тыныстан Асыпбеков жана Жоодар Бузумов да 13-мартка чейин камалышкан.

16-январда «Айт Айт Десе» жана «Temirov LIVE» каналдарынын журналисттери шектүү катары камакка алынышкан. ИИМ билдиргендей, алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышты.

Алар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана "ПолитКлиникада" иштеген Тыныстан Асыпбеков.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат. (AiB)

XS
SM
MD
LG