Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Ошто туман тарап, учактар кайрадан уча баштады


Ош эл аралык аэропорту. Архивдик сүрөт.
Ош эл аралык аэропорту. Архивдик сүрөт.

Ош шаарында 16-январда түшкөн коюу туман тарап, 17-январда Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар кайрадан калыбына келтирилди. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Ош эл аралык аэропортунан башка өлкөлөргө каттамдар да жанданды. Аба майдан кармалып калган каттамдардын убактысын мекеменин сайтынан жана авиакомпаниялардан тактап алууну өтүнөт.

Кечээ, 16-январда аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыттары боюнча, Ош-Стамбул жана Стамбул-Ош багыттары боюнча авиакаттамдар токтотулганы кабарланган. Ошол маалда тумандан улам 60-70 метрден алыс жер көрүнбөй калганы айтылган.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар болот.

Аба ырайына байланыштуу 16-январда саат 16:15тен тартып Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG