Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Садыр Жапаров Апрель окуясынын катышуучулары менен жолугушту


Садыр Жапаров Апрель окуясында жабыркагандардын жакындарын жана катышуучуларын кабыл алды.
Садыр Жапаров Апрель окуясында жабыркагандардын жакындарын жана катышуучуларын кабыл алды.

15-январда президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандардын жакындарын жана катышуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Апрель окуясынан кийин түзүлгөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү Садыр Жапаровго өз-өзүнчө кайрылып, кабыл алуу өтүнүчтөрүн бир нече ирет билдиришкен. Президент бардык уюмдардын өкүлдөрүн чогуу кабыл алды. Жолугушуу президенттин администрациясынын имаратында өтүп, ага 200дөн ашык киши катышты.

“Жолугушуу жүрүшүндө Апрель окуясынын катышуучулары жана бул окуяда каза болгондордун жакындары өздөрүнүн турмуштук-социалдык маселелерин айтып, мамлекет башчысына суроолорун узатышты. Президент Садыр Жапаров суроолорго жооп берип, өлкөдөгү социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди”, - деп айтылат маалыматта.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга “Ала-Тоо” аянтында ок атылып, 90го жакын киши набыт болгон. Ал өзү жана тун уулу Марат Бакиев соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

2023-жылы 18-февралда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчыларын Дубайда жолугуштурган. Ага мурдагы мамлекет башчылар Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков катышкан.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда Апрель окуясынын катышуучулары “Курманбек Бакиевди актоо аракети жүрүп жатканын билдирип” бир нече жолу акция өткөрүшкөн.

Былтыр май айында президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү планы жок экенин, эгер келсе соттун чечимине ылайык камаларын айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG