Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

Досоновдун кылмыш тобунун мүчөсү аялын эркектер менен тааныштырып, акча доолап жүргөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто аялы менен макулдашып алып, акча талап кылган А.у.Н. аттуу адам кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кабарлашынча, шектүү 12-январда Кызыл-Кыя шаарындагы “Алия” кафесинен кармалган. Маалыматта ал А.Н аттуу жарандан опузалап акча талап кылып, ага кол көтөргөн.

Иликтөө маалында Ноокат районунун 1993-жылы туулган тургуну А.у.Н. аялы менен макулдашып алып, “бирөөлөрдү ыңгайсыз абалга калтыруу максатында” план түзүшкөнү аныкталган.

"Күйөөсүнүн көрсөтмөсү менен А.у.Ндин аялы социалдык тармакта жаш жигиттер менен таанышып, алар менен жашыруун жолугушууну макулдашкан. Андан кийин, А.у.Н. өзүн жубайын кызганган адам катары көрсөтүп, коркутуу, шантаж жолу менен жигиттерден акча талап кылып турган", - деп жазылган маалыматта.

Маалым болгондой үстүбүздөгү жылдын 9-январында А.у.Н. ушундай эле жол менен А.Н. аттуу жабырлануучуну сабап, анын “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып, дагы кошумча 100 миң сом талап кылган.

А.у.Н. мурда бир нече жолу соттолгон. Ал саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү, каракчылык, жашы жете электерди кылмыш жасоого түртүү беренелери менен жоопко тартылган.

УКМК шектүү буга чейин “коллектордук кызмат” деген жүйө менен ишкерлерден опузалап акча талап кылып келгенин, “Женго” деген каймана аттуу Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү катары укук коргоо органдарынын назарына түшкөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG