Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:09

Абактагы активист Исаковго айыптоо актысы окулду


Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

“Бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн” деген айып менен кармалган активист Гүлжигит Исаков, "Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматова, жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаев жана дагы эки кишинин иши боюнча соттук отурум уланды.

Активист Гүлжигит Исаковдун адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” кабарлагандай, 12-январдагы сот отурумунда айыптоо актысы окулду. Ишти Биринчи Май райондук соту карап жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен былтыр 5-июнда жарандык активист Гүлжигит Исаков, "Элдик кеңеш" партиясынын жетекчиси Роза Нурматова, жогорку окуу жайлардын биринин мугалими Чолпонбек Сыдыкбаев жана дагы эки кишини камакка алган.

Алар чет элдик булактардан акча алып, бийликти басып алууга даярдык көргөн деп айыпталган жана УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин кармалгандардын экөө үй камагына чыкканы кабарланган.

Гүлжигит Исаков Фейсбуктагы баракчасында бийликти байма-бай сындап келген. Ал кыргыз-өзбек чек ара келишими, салык саясаты, коррупция менен күрөшүү сыяктуу темаларда ой-пикирлери менен бөлүшүп турган. (TSh)

XS
SM
MD
LG