Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Германияда фермерлер нааразылык акциясына чыкты


Акциянын катышуучулары.
Акциянын катышуучулары.

Германияда 8-январда фермерлер таң эрте бир катар аймактарда эң башкы ири автомагистралдарга трактор менен чыгып, нааразылык акциясын уюштурушту. Аларга жеке транспорттук ишканалардын ээлери тилектештигин билдирип, мындай жагдай жол кыймылында айрым көйгөйлөрдүн жаралышына, кээ бир жерлерде убактылуу токтоп да кылышына алып келди.

Берлинде фермерлер трактор айдап, канцлердин кеңсесинен жана Бундестагдан анча алыс эмес жерде жайгашкан Бранденбург дарбазасынын жанына чогулушту.

Декабрь айынын ортосунда башталган нааразылык акцияларына Германия өкмөтүнүн бюджетти үнөмдөө максатында киргизген жаңы эрежеси себеп болду. Ал эрежеге ылайык, фермерлерге дизелдик отунга берилүүчү субсидия токтойт, алардын жүк ташуучу машинелерине автобан жол менен айдаганы үчүн төлөм азайтылбайт.

Бүгүнкү акция нааразылык айтыла баштагандан берки эң ири иш-чара болду. Өкмөт айрым шарттарга макул болгону менен фермерлер дизел сатып алуунун буга чейинки ыкмасын калтырууну талап кылып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG