Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Блинкендин Жакынкы Чыгыш сапары уланууда  


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

Израилдин Газа секторундагы чабуулдары аймакта жаңы чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген кооптонуу күчөп турган чакта АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгыш аймагындагы иш сапарын улантууда.

7-январда Блинкен араб өлкөлөрүнүн лидерлерин Вашингтон Газадагы тургундарды жер которууга мажбурлоого каршы экенине ишендирди.

Андан мурдараак Иорданиянын падышасы Абдалла Блинкен менен жолугушууда аймактагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, Вашингтон Израилди ок атууну тез арада токтотууга көндүрүүдө чечүүчү роль ойношу керектигин, израилдик армиянын Газадагы аскердик өнөктүгү «катастрофалык кесепеттерге» алып келиши ыктымалдыгын эскерткен.

Катардагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Блинкен ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) барымтада кармап турган 100дөн ашуун адамды бошотуу боюнча аракеттерди талкуулаганын айтты.

Газа секторундагы азыркы согуштун тутанышына былтыр 7-октябрда ХАМАСтын Израилдин айрым шаарларына кол салуусу себеп болгон. Израил ХАМАСтын бул кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери эки жүздөй аскери окко учканын билдирүүдө.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 22 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, дагы 2,3 миллиондой адам үй-жайын таштап качууга мажбур болду. Аймакта гуманитардык кризис курчуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG