Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:26

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 9-январда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 12…14° болот.

XS
SM
MD
LG