Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:21

"Орто-Сай" базарында иштегендер жер акысын арзандатууну талап кылууда


"Орто-Сай" базарында чогулган айрым соодагерлер менен милиция кызматкерлери сүйлөшүп жаткан учур. 8-январь, 2024-жыл.
"Орто-Сай" базарында чогулган айрым соодагерлер менен милиция кызматкерлери сүйлөшүп жаткан учур. 8-январь, 2024-жыл.

Бишкек шаарындагы “Орто-Сай” базарынын соодагерлери 8-январда иш ташташты. Соодагерлердин бири Алтынгүл Анаркулова “Азаттыкка” билдиргендей, алардын нааразылыгына базар ээлеринин жердин ижара акысын төмөндөтпөй жатканы себеп болууда.

“Биз жок дегенде жер ижарасын 30% арзандатып берсин деп жатабыз. Азыр эң арзаны 100 доллардан башталып, 15 миң сомго чейин төлөйбүз”, - деди Анаркулова.

Нааразылык тууралуу базар жетекчилиги комментарий бере элек.

6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдирген. Андан соң Кыргызстандагы бир катар базар ээлери видео кайрылуу жолдоп, ижара акыларын төмөндөткөнүн билдирген.

Министрлер кабинетинин көзөмөл-кассалык машинелерди киргизүү демилгесинен кийин ноябрдын аягында, декабрдын башында бир катар базарларда ишкерлер нааразылык акциясына чыккан.

5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордойдо" соодагерлер менен жолугуп, алардын талаптарын уккан. Андан кийин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “эгер соодагерлердин митинги токтобосо, бийлик базарларга "Кумтөр” сыяктуу эле тышкы башкаруу киргизерин айткан.

XS
SM
MD
LG