Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:20

АКШ жана Европа өлкөлөрү Boeing 737 MAX 9 учагынан баш тартты


Учак абага көтөрүлгөндө сынып кеткен авариялык эшик.
Учак абага көтөрүлгөндө сынып кеткен авариялык эшик.

Alaska Airlines компаниясынын лайнери кабылган окуядан улам АКШ, Европа өлкөлөрү жана Turkish Airlines компаниясы Boeing 737 MAX 9 учагын каттамдарга чыгарууну токтотту.

5-январда Alaska Airlines компаниясынын Boeing 737 MAX 9 учагы Портленд эл аралык аэропортунан абага көтөрүлүп баратканда авариялык эшиги жарактан чыккан жана салондун ичинде басым төмөндөп кеткен. Жүргүнчүлөр катуу жабыркаган эмес, учак жерге аман-эсен конгон.

Окуядан кийин АКШнын федералдык авиация башкармалыгы Boeing 737 MAX 9 учагынын ишин токтотту. Европа өлкөлөрү да ушундай чечимге келишкен. Ошол эле учурда Европанын Авиация коопсуздугу боюнча агенттиги шаркеттин бир дагы өлкөсү учактын бул түрү менен учууларды аткарбагандыгын белгиледи.

Түркиянын улуттук авиакомпаниясы Turkish Airlines беш Boeing 737 MAX 9 учагынын ишин убактылуу токтотту.

Би-Би-Си радиосу жазгандай, кырсыкка кабылган учак Boeing компаниясынын 737 үлгүсүндөгү акыркы муундагы лайнери. Күйүүчү майды бир топ үнөмдөйт. Бирок адистер анын коопсуздук жагына маани берилбей калганын болжолдошот.

2018-2019-жылдары Boeing 737 MAX 8 учактары Индонезиянын жээгинде жана Эфиопиянын Аддис-Абеба шаарына жакын жерде кулап, 350дөй адамдын өмүрү кыйылган. Мындан улам ондогон өлкөлөр Boeing 737 MAX 8 үлгүсүндөгү лайнеринин учуусуна тыюу салган эле.

XS
SM
MD
LG