Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

Адвокат абактагы Асанов дагы деле ооруканага которула электигин айтты


Бектур Асанов. Архивдик сүрөт.
Бектур Асанов. Архивдик сүрөт.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Бектур Асановдун адвокаты Эркин Бөлөкбаев 8-январда саясатчы дагы деле ооруканага которула электигин айтты.

Анын сөзүнө караганда, Бектур Асанов 3-январда Улуттук госпиталдан моюн омурткасынын эки жеринен операция болмок. Госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов буга чейин №1 тергөө абагынын жетекчилигине жана Саламаттыкты сактоо министирлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна кат жазган. Тергөө абагынын жетекчилиги азырынча комментарий бере элек.

“Жаза аткаруу кызматы чыгара элек. Демек, бүгүн да, мүмкүн эртең да ооруканага которулбайт. Улуттук госпитал негизи 3-январда алып келгиле деген”, - деди адвокат.

Кемпир-Абадды коргоо комитети “абакта Бектур Асановдун башы жарылып, моюн омурткаларына залака кетип ооруну басаңдатуучу дарынын күчү менен жатканын, абалы оор экенин” билдирген. Ушундан улам саясатчы ооруканада дарыланууга муктаж экени айтылган.

Улуттук госпиталдан дарыгери Нарынбек Акматов саясатчы 3-январда ооруканага жаткырылат деп билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 28 кишинин 12и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин 2023-жылы июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG