Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Казакстандагы жарылууда үч киши набыт болду


Газ баллону. Иллсютрация.
Газ баллону. Иллсютрация.

Казакстандын Урал шаарындагы кафеде болгон жарылууда үч киши каза тапты. Экөө өзбекстандык, бири жергиликтүү тургун. Дагы алты адам жараат алганы тууралуу 7-январда кабарланды.

"Азаттыктын" өзбек кызматы окуя 5-январда Rizyq деген кафенин жаныда болгонун жазды. Баштапкы маалыматтарга ылайык, наавайканага орнотулган газ баллону жарылган. Ал жерди өзбекстандыктар ижарага алып, нан жана самса жаап сатып жүрүшкөн.

Былтыр 30-ноябрда Алматы шаарындагы жатаканадагы өрттө өзбекстандык 13 киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG