Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:23

Украинанын аймагына 36 жолу авиациялык чабуул жасалды


Украин аскерлери.
Украин аскерлери.

Соңку суткада Орусия Украинанын аймагына жети жолу ракеталык, 36 жолу авиациялык сокку урганын 5-январда украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Мындан тышкары өлкөнүн айрым аймактары жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 37 жолу аткыланды.

Купянск, Бахмут, Авдеевка, Марьинка, Роботино багыттарында жасалган чабуулдардын мизи кайтарылганы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Крымда 36 дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Украина Севастополдун жанындагы орусиялык аскерлер жайгашкан командалык пункт жок кылынганын билдирди.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва армиясын коңшу өлкөгө киргизгенин атайын аскердик операция деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG