Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:16

Ирригация тармагына 2 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнөт


Чоң Чүй каналынын батыш бөлүгүн тазалоо учуру. 6-март, 2022-жыл
Чоң Чүй каналынын батыш бөлүгүн тазалоо учуру. 6-март, 2022-жыл

Кыргызстанда ирригация тармагын жакшыртуу үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча 2 млрд сомдон кем эмес каражат бөлүнөт.

Бул тууралуу 4-январда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун сугат суу системасын жакшыртуу боюнча көчмө жыйынга барганда айтылды.

Бакыт Төрөбаев Панфилов, Москва, Сокулук, Аламүдүн райондорундагы бир катар ирригациялык объектилерди көрүп чыгып, №2 суу сактагычын толтуруу үчүн алты скважинаны калыбына келтирүү тапшырмасы берилди.

Көчмө жыйында Чүйдөгү Агермен, Кара-Тума, Макачи, Спартак, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын, Молтобар, Ак-Суу, Шорго декадалык жөнгө салуучу бассейндерин жана “Совхозный” каналын реконструкциялоо иштери да текшерилди.

Акыркы жылдары Борбор Азияда болгон кургакчылык жана сугат суу тартыштыгынан улам Кыргызстандын ар кайсы облусундагы дыйкандар бир нече жолу нааразылык акцияларга чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG