Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:29

Президент Садыр Жапаров Чехиянын президентине көңүл айтты


Каргашалуу окуяда набыт кеткендерге жагылган шамдар. Прага, Чехия.
Каргашалуу окуяда набыт кеткендерге жагылган шамдар. Прага, Чехия.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров өткөн аптада Прагадагы Карлов университетиндеги адам өлүмү менен коштолгон каргашалуу окуяга байланыштуу Чехиянын президенти Петр Павелге көңүл айтты.

Садыр Жапаров көңүл айтуу телеграммасында Карлов университетиндеги кандуу окуя тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алганын билдирди. Ошондой эле каргашада каза тапкандардын жакындарына жана жалпы чех элине терең кайгыруу менен өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан көнүл айтып, жаракат алгандар тез арада сакайып кетүүсүнө тилектештигин билдирген.

21-декабрда Чехиянын борборундагы Карлов университетинин 24 жаштагы студенти ок атып, 14 адам мерт болгон. Кийин шектүү да өлгөнү аныкталган. Өлгөндөрдүн баары чехиялыктар экени айтылууда. Ок атууда 25 адам жараат алган, анын экөө Бириккен Араб Эмирликтеринин, бирөө Нидерланддын жараны экени маалымдалды. Бул Чехияда акыркы жылдардагы эң кандуу окуя катары бааланууда.

Бул окуяга байланыштуу Чехияда 23-декабрда Аза күтүү күнү жарыяланган.

Чех полициясы кылмышка шектүү Давид К. аттуу киши 15-декабрда Праганын четиндеги токой паркында болгон дагы бир резонанстуу киши өлтүрүүгө катыштыгы болушу мүмкүн деп билдирди. Анда 32 жаштагы эркек киши жана эки айлык бала каза болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG