Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:32

Газанын борбордук бөлүгүндө ЦАХАЛдын соккусунан кеминде 68 киши набыт болду


Газа тилкеси
Газа тилкеси

Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндө жөөт армиясынын (ЦАХАЛ) аба соккуларынан бери дегенде 68 киши набыт болгонун ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобу көзөмөлдөгөн анклавдын саламаттык сактоо мекемеси 25-декабрда билдирди.

Associated Press агенттигинин журналисттери Дейр-ал-Балах шаарындагы ал-Магази качкындар лагеринде нес болгон палестиндер сөөктөрдү ары-бери көтөрүп жүргөнүн көрүшкөн. Жергиликтүү оорукана маалымдагандай, өлгөндөрдүн ичинде кеминде 12 аял, жети бала бар. Мурдараак Газанын саламаттык сактоо мекемеси өлгөндөр 70ке жеткенин кабарлаган.

Израил армиясы азырынча маалымат бере элек.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына кол салганда, 1200 киши набыт болуп, 240 кишини барымтага алынган. Эл аралык ортомчулардын көмөгү менен ХАМАС барымтадан 105 туткунду, ал эми Израил түрмөлөрүнөн 210 палестиналыкты бошоткон.

Согуш башталганы толук курчоодо калган анклавда Израилдин соккуларынан 20 миңдей киши набыт болгонун Газанын бийлиги билдирүүдө. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Газа тилкесинде гуманитардык кырдаал курч, жардам жүктөлгөн машинелер орто жолдон таланып-тонолуп кеткен учурлар да катталып жатат.

XS
SM
MD
LG