Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Израил Газанын түштүгүндө операциясын күчөттү


Израилдин армиясы Газа тилкесинин түштүгүндө ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмуна каршы аскердик операциясын дагы күчтөндүрүүдө. Бул тууралуу 24-декабрда америкалык Fox News телеканалына курган маегинде ЦАХАЛдын расмий өкүлү Жонатан Корникус билдирди.

Ал Газанын түндүгүндө да аскердик операциялар уланып жатканын кошумчалады. Буга чейин 23-декабрда Израил армиясы тогуз аскерин жоготконун билдирген. Маалыматка караганда, бул бир суткада набыт кеткен аскерлердин саны боюнча эң жогорку көрсөткүч. Жалпы аскердик операция башталганы ЦАХАЛ 150дөн көп жоокеринен айрылды.

Эл аралык “Чек арасыз дарыгерлер” уюму билдиргендей, Израилин армиясынын “башаламан соккулары” Газа тилкесинин түндүгүн урандыларга айлантты.

Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесинде жарым миллиондой адамды ачарчылык тооруганын жарыялаган. Уюмдун эсебинде кийинки жылдын февралына чейин Газанын эки миллиондой калкы ач калышы мүмкүн.

Учурда тилкеге чет жактан келген гуманитардык жардам жетишсиз болууда. Анын үстүнө жардам жүктөлгөн машинелер орто жолдон таланып-тонолуп кеткен учурлар да катталып жатат.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чактысы барымтага алынганын, Газа тилкесинде жердеги операция башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын билдирген.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо башкармалыгы Израилдин соккуларынан 20 миңдей киши набыт болгонун билдирүүдө.

Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG