Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

АКШ: Индиянын жээгинде кемеге сокку урган дрон Ирандан учурулган


“Хем Плуто" кемеси
“Хем Плуто" кемеси

АКШнын Коргоо министрлиги билдиргендей, Индиянын жээгине жакын жерде Араб деңизи аркылуу мунай ташып бараткан кемеге сокку урган дрон Ирандын аймагынан учурулган.

"23-декабрда, эртең мененки саат 10дордо жапониялык ишканага караштуу, учурда нидерланддык компания башкарып жаткан, Либериянын желегинин алдында бараткан “Хем Плуто" кемесине сокку урулган”,- деп жазылат Пентагондун билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, соккудан улам кемеде өрт тутанып, өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок. Сауд Арабиядан чийки мунай алып бараткан танкер Индия портун көздөй жолун улады. Буга чейин аталган кемеге сокку урулганын Британиянын Деңиз соода операциялары боюнча башкармалыгы билдирген.

Иран азырынча АКШнын билдирүүсүнө жооп кайтара элек. 22-декабрда Ислам Революциясынын сакчылар корпусунун жогорку даражалуу өкүлү жакын арада Баб-эль-Мандеб тумшугунан тышкары бардык деңиз жолдору жабыларын эскерткен.

Аталган корпустун маалымат катчысы, генерал Мохаммад Реза Накдинин айтымында, Израилди колдогон АКШнын жана башка мамлекеттердин Гибралтар кысыгы, Жер ортолук деңизи сыяктуу аймактардан кемелери өтпөй калышы мүмкүн.

Иран йемендик хуситтердин деңиздеги кемелерге жасаган соккуларына тиешеси жок экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG