Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Курултайда спикерге тууну эмес, Бишкектеги райондордун атын өзгөртүү сунушу берилди


Нурланбек Шакиев Элдик курултайда. 15-декабрь, 2023-жыл.
Нурланбек Шакиев Элдик курултайда. 15-декабрь, 2023-жыл.

Экинчи Элдик курултайдын делегаты Айтбек Курманов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, тууну өзгөртүү демилгесинен баш тартууга чакырды. Бул тууралуу ал 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан курултайда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Спикер Нурланбек Шакиев былтыр ушул жерде өзүңүз “Бишкектеги төрт райондун атын өзгөртөбүз” деп убада бердиңиз эле. Мына бир жыл болду өзгөрткөн жоксуңар. Тууну өзгөрткөндүн ордуна ушуну алмаштыргыла. Башка аймактарда да чет тилде аталып жүргөн жерлерди өзгөртүш керек да”, - деди ал.

Элдик курултайда тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбооруна байланыштуу төрт адам маселе көтөрдү. Алардын бири бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров пикирин билдириши керек экенин айтты.

Былтыр ноябрь айында өткөн биринчи Элдик курултайда Нурланбек Шакиев Бишкектеги төрт райондун - Ленин, Октябрь, Биринчи Май жана Свердлов райондорунун атын өзгөртүү маселесин көтөргөн. Анын сунушуна Москва дароо реакция жасап, Мамдуманын депутаттары Кыргызстанда "орус тилин кодулоо болуп жатат" деген сын айтышкан.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган. Ушул отурумда Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө, бюджеттен каражат кетпей турганын, желек өзгөртүү зарыл болгон жерлерде алмашылса, анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн билдирген. Бирок сөз болуп жаткан демөөрчүлөр ким экенин ачык айткан эмес.

Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Учурда тууну өзгөртүү маселеси коомчулукта дагы эле талкууда. Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG