Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:55

Украинанын ондон ашуун аймагы дрон чабуулуна кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

21-декабрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына Shahed учкучсуз учактарынан 35ти учурганын, алардын 34ү атып түшүрүлгөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди.

Чабуул аннексияланган Крымдын, Приморско-Ахтарск жана Курск аймактарынан жасалганы, абадан коргонуу системалары Киев, Днепропетров, Винница, Херсон, Запорожье, Николаев, Хмельницкий, Сума, Полтава, Чернигов жана Кировоград облустарында иштеп, дээрлик бардык дрондор жок кылынганы маалымдалды.

Айрым жерлерде имараттар талкаланды, адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок.

Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы күрөшүн улантып келе жатат.

19-декабрдагы пресс-конфееренцияда украин президенти Владимир Зеленский Украина Европадагы өнөктөштөрү менен «өзгөчө байланыш» түзө алганын, алар каржылык жана аскердик колдоосун улантып жатышканын айткан. Украин аскерлерине, өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирип, өлкөнүн экономикасы Батыштын жардамы менен туруктуулугун кармап турганын белгилеген. Асердик мобилизация тууралуу суроого жооп берип жатып Зеленский бул өтө кылдат тема экенин айтты жана азыр согуш талаасында кармашып жаткан аскерлерге эс алууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин кошумчалаган. (RK)

XS
SM
MD
LG