Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Орусия казак жарандарына паспорт берүүнү жеңилдетти


Орусиянын президенти Владимир Путин 18-декабрда Беларус, Казакстан жана Молдова жарандарына орус жарандыгын берүү тартибин жеңилдетти.

Жарлыкка ылайык, аталган өлкөлөрдүн жарандары үчүн "орус жарандыгын алууга арыз бергенге чейин өлкө аймагында беш жылдан кем эмес жашоо" жана "Орусиянын тарыхы менен мыйзамдарын билүү" талаптары жоюлат.

Серепчилер бул Кремль мындай жол менен согушка аскер чогултат же Орусиядан чет өлкөгө кеткен адистердин ордун толтуруу аргасын издеп жатат деп боолгошот.

Эми коңшу Казакстандын жараны Орусияда туруктуу жашоого уруксат алгандан кийин дароо ал өлкөнүн жарандыгын алат. Ал бир гана орус тилинен экзамен тапшырууга тийиш.

"Oболу кесипкөй адистер кетет"

Серепчилер бул Казакстандан Орусияга, оболу өлкө түндүгүндөгү орус тилдүүлөрдүн жапырт көчүп кетишине түрткү болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Буга чейин, Улуттук статистика институтунун маалыматында, Орусияга туруктуу жашоо үчүн кеткен казакстандыктардын саны жыл сайын азайып бараткан.

Алсак, 2000-жылы 108 миңден ашуун казакстандык Орусияга жер которсо, былтыр бул көрсөткүч 19 миңге түшүп кеткен.

Бирок саясат таануучу Газиз Абишев орус жарандыгын алуу жараяны жеңилдетилгенден кийин Казакстандан оболу жогорку квалификациялуу кадрлар кетиши мүмкүн экенин айтууда.

"Негизи бизде Орусияга кетүүнү каалаган же Орусиянын жарандыгын алууга умтулган жогорку квалификациялуу адистер бар, бирок жалпысынан техникалык тармакта кадрлар жетишсиз. Менимче, башта Орусиянын эмгек рыногунда атаандаштыкка туруштук бере алгандар кетет. Бирок биздин өлкөнү техникалык баланста кармап турган адистердин саны азаят", - дейт казак серепчи.

Экономист Арман Бейсембаевдын айтымында, Украинадагы согуштун жыйынтыгы кандай болбосун, ал бүтөрү менен Орусиянын экономикасы тез калыбына келе баштайт. Ал эми өлкөнүн кыйрашы же жарандык согуш сыяктуу глобалдык жаңжалдар болбосо, "Орусия эртеби-кечпи өнүгүүнүн согушка чейинки деңгээлине кайтып келет" дейт Бейсембаев:

"Рубль арзандайт, экономикалык өсүш болбойт. Ал жерде сөзсүз көйгөйлөр жаралат. Бирок Орусиянын рыногу постсоветтик мейкиндиктеги эң төлөмгө жөндөмдүү рыноктордун бири бойдон кала берерин түшүнүшүбүз керек. Муну жакынкы келечекте үзгүлтүккө учуратуу мүмкүн эмес".

Жарандык берип, армияга мажбурлайбы?

Серепчилер Орусияга жаңы жарандар согуштан кийин калыбына келтирүү үчүн гана эмес, түздөн-түз согуштун өзү үчүн да керек экенин жашырбайт.

Алар согуш талаасындагы оор кырдаал Москваны куралдуу күчтөрүн толуктоонун жаңы жолдорун издөөгө мажбурлайт деген пикирде.

Сергей Дуванов.
Сергей Дуванов.

Ушундай эле пикирди казакстандык журналист жана укук коргоочу Сергей Дуванов да "Азаттыктын" казак кызматы менен болгон маегинде белгиледи.

"Согушта өлгүсү келбеген, Кремлдын саясатына каршы көп орусиялыктар чет өлкөгө агылып кетип жатат. Кесипкөй адистердин мындай "көчү" жакында токточудай эмес. Орус бийлиги муну түшүнүп турат. Азыр Орусия тарапта согушкусу келген, Кремлдин саясатын жактаган, бирок жарандыгы жок чет өлкөлүктөр бар экени белгилүү. Андыктан чет өлкөгө кеткен орустардын ордун жарандык берип толтуруу ыкмасы жүрүп атат", - деди Дуванов.

Деген менен саясат таануучу Анастасия Решетняк Путиндин бул жарлыгы айтылган үч өлкөдөгү орус диаспораларына багытталганын айтууда.

"Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан Орусия менен эмгек миграциясы боюнча көптөн бери мамиле түзүп келет. Кыргызстан менен Тажикстандан Орусияга барган мигранттардын көбү кош жарандуулукка ээ. Алар азыр Орусиянын колунда десек болот. Ал эми Казакстанга келсек, бул жарлык атайын диаспорага багытталган. Путин кол койгон жарлыкты карасак, “документ жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максатында кабыл алынган” деп жазылган. Муну орус популисттери "бул үч өлкөдө орус тилдүүлөрдүн укугу тебеленип жатат" деп айтышы мүмкүн. Документтин ошол бөлүгүнө да көңүл буруш керек", - дейт казакстандык саясат таануучу.

Орус паспорту бар мигранттар

Путин быйыл майда Украинадагы согушка катышуу үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн чет өлкөлүктөргө орус жарандыгын жеңилдетилген тартипте берүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, чет өлкөлүк жаран орус армиясында бир жыл кызмат өтөгөндөн кийин орус жарандыгын алса болот. Жарандык анын үй-бүлө мүчөлөрүнө да жеңилдетилген тартипте берилет. Буга чейин жарандык алууну каалаган чет өлкөлүктөр үчүн келишимдин минималдык мөөнөтү беш жылды түзгөн.

Белгилей кетсек, Орусияда мыйзамга ылайык, орус жарандыгын алган адам эки жума ичинде аскердик каттоого турушу зарыл. Буга чейин Мамлекеттик Думанын бир катар депутаттары паспорт алып, бирок армияга баруудан баш тарткандарды жарандыктан ажыратып, депортациялоо тууралуу сунуштарын айтышкан.

Мындай демилгени бир нече жолу Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин дагы көтөргөн.

Расмий эсепте, орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 600 миңден ашуун. Алардын бир бөлүгү кыргыз паспортунан баш тартпаганы кабарланып келет.

Орусиянын атуулдугун алган борбор азиялыктарды согушка тартуу өнөктүгү Москва Украинага согуш ачканда эле башталган. Алгачкы айларда орусиялык армияда же Орусиянын чет жактагы базаларында кызмат өтөгөн чет элдиктер тартылып келген.

Ал эми 14-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин азыр аскерге мобилизациялоонун зарылдыгы жок экенин түз эфирде суроолорго жооп берип жатып айтты. Ал Украинадагы согушка 486 миң киши өз ыктыяры менен тартылганын, күнүгө бир жарым миңдей киши жалданып жатканын белгилеп, аскерлердин саны 617 миңге жетерин билдирди.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG