Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:06

Кемпир-Абад иши боюнча сот уланды


Айданбек Акматов кайтаруучулардын коштоосунда сотко келе жатат. Биринчи май райондук соту. Бишкек. 20-декабрь, 2023-жыл.
Айданбек Акматов кайтаруучулардын коштоосунда сотко келе жатат. Биринчи май райондук соту. Бишкек. 20-декабрь, 2023-жыл.

Бүгүн, 20-декабрда Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын соту уланды. Сотко үй камагында жүргөн жана Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган бардык айыпталуучулар алып келинип, катышып жатышканын адвокат Эркин Бөлөкбаев Фейсбуктагы баракчасына сот залынын ичинен тарткан тасмасында бөлүштү.
Ден соолугу начарлап, операция жасатууга муктаж болуп жатканын айткан саясатчы Бектур Асанов сот иши үзгүлтүккө учурабасы үчүн ооруну сездирбөөчү укол сайдырып, жараянга келгенин билдирген.

Айыпталуучулар жана алардын адвокаттары Жогорку сот төрагасы Замирбек Базарбековдун Кемпир-Абад иши боюнча соттун создугушуна “шектүүлөр камерадан чыкпай коюуда” деп айтканы чындыкка дал келбесин белгилешүүдө.

Замирбек Базарбеков “Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” программасына берген маегинде Кемпир-Абад ишине байланыштуу сот ишинин кечеңдеп жатышына кармалгандар өздөрү же адвокаттар себепкер деп билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.(TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG