Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:41

Украинанын төрт аймагы учкучсуз учактар чабуулуна кабылды


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

18-декабрдын таңында Орусия Украинанын төрт аймагына учкучсуз беш учак менен чабуул жасаганын, анын баары атып түшүрүлгөнүн Украинанын Аскердик аба күчтөрү маалымдады.

“Абадан коргонуу системасынын Николаев, Днепропетров, Винница жана Хмельницкий облустарындагы мобилдик топтору бардык беш учакты атып түшүрүштү", - деп билдирди “Азаттыктын” украин кызматы. Жабыркоолор тууралуу маалымат айтылган жок.

АКШда жайгашкан Согушту изилдөө институту (ISW) билдиргендей, Украинанын айыгышкан кармаш жүрүп жаткан аймактарында орус аскерлери айрым ийгиликтерге жетишүүдө. Алар Бахмуттун батыш тарабындагы Хромовое жана Курдюмовка айылдарында чабуулдарын улантып, Авдеевканын түндүгүндөгү Степовое аймагында алдыга жылганы кабарланды.

Айрым орусиячыл маалымат булактары Марьинка айылы да Орусиянын аскерлеринин карамагына өткөнүн билдиришти, бирок ISW аны тастыктаган жок.

Украин аскерлери Херсон облусундагы Днепр дарыясынын сол жээгиндеги турумдарын бекемдөөгө жетишкени кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG