Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Эркиндик үчүн канжыгага байланган баш


Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Олжобай Шакирди тааныганыма быйыл 13 жылдын жүзү болду. Ары теңтуш, ары чыгармачылыктагы санаалаш катары да катышып, бири-бирибизди жакшы билгендей болдук эле.

Бирок Олжобай Шакир мен үчүн дагы эле чер токой экен. Буга анын "абактан жазган каттарын" окугандан кийин көзүм жетти.

Көрсө, Олжобай Шакир эркиндик менен оозанып, эркиндик үчүн гана жашап, бул жарыкчылыктан эркиндикти даңазалап жүрүп өтүп кетчү саналуу инсандардын бири тура!

Көрсө, Олжобай Шакир үчүн адам эркиндигинен кымбат, адам эркиндигинен баалуу эч нерсе жок турбайбы!

Бала кезде эле өз эркиндигин коргоп "кетмен алып агасына тап берген" жазуучу үчүн эркиндик баарынан артык турарын ушул бүгүн түшүнүп, ушул бүгүн аныгына жетип отурам. Олжобай Шакир турган-турушу менен, сөөгүнөн чучугуна чейин идеянын адамы экенин да ушу бүгүн түшүнүп жатам. Ал түрмөгө кыларга иши же саларга кушу жогунан барбаптыр. Атак-даңк аңсап да камалган жок. Ал жалпы элдин, Ата Мекендин эркиндиги үчүн (кеңири алганда, демократиялык коом, адам укугунун сакталышы ж.б.у.с. үчүн) башын канжыгага байлап, бар-жогунан кечип, ушул тобокел ишке барып жатат. Бул жагынан алганда да анын кадамы тарыхый кадам болду.

Олжобай Шакир үчүн Ата Мекендин символу – Эркиндик, Эркиндиктин символу – Ата Мекен! Бул эки ары ыйык, ары улуу түшүнүктү ал бири-бирисиз такыр элестете албайт. Ал адам өз оюн эркин айта албаган, эркин жүрүп-тура албаган, жарандардын бардык укуктары менен эркиндиктери мыйзам менен корголбогон коом канчалык опурталдуу абалда каларын кан какшап айтып жатат. Бийлик бир ууч топтун колуна өткөн авторитаризмге эмес, жалпы калайык-калктын энчисине айланган демократияга ыкташыбыз зарыл деп, күнү-түнү коңгуроо кагып келет.

Акын, жазуучу, агартуучу, публицист, учурдагы абийир туткуну Олжобай Шакирдин укмуштуудай кайрат-жигери, тайманбастыгы, эркинин күчтүүлүгү мени эле эмес, башкаларды да таң калтырып жатса керек.

Анык көкжал деп Олжобай сыяктуу кишилерди айтса жарашат. Абакта жатып да башкаларга дем-күч бергени, көркөм-публицистикалык чыгармаларын үзбөй жазып, коом агартуучулук ишмердигин ошоякта да улантып жатканы – бул анын анык баатырдыгы.

Жазуучунун оппоненттери президент болушу мүмкүн, премьер-министр болушу мүмкүн же башка дагы жогорку мамлекеттик кызматты ээлеши ыктымал, бирок алар эч качан Олжобай Шакир боло алышпайт. Анткени Олжобай Шакир эч апыртуусу жок кайталангыс инсан, кайсы бир даражада уникум экени (илимий тил менен айтканда) талашсыз.

Олжобай Шакирдин ысымы мындан ары эркиндиктин символу катары да айтылары чындык.

Француз жазуучусу Альбер Камюнун бир чыгармасынын башкы каарманы мени набыт кылыштары мүмкүн, бирок эч качан сынбайм дейт. Олжобай Шакир да эч качан чөгөлөбөйт, өз акыйкатынан кайтып, эч качан өз чындыгынан жанбайт.

Ырас, азыр Олжобай Шакир жарандык коом, демократиялык баалуулуктар үчүн кандай курмандыкка барып жатканын түшүнгөндөр аз.

Тескерисинче, буга чейин аны жектеп, талоонго алгандар көп болду. Дүйнө жаралгандан бери адамзатты кулчулуктан куткаруу үчүн күрөшкөндөр төө бастыга алынганы, аларды качан болсо бийлик эле эмес, караламан калайык да жектегени таң калтырбайт койбойт. Замандаштары эркиндиктин, демократиянын пири Сократты да аяшпаптыр. Орус элин кулчулуктан, падышанын эзүүсүнөн куткарам деп ак эткенден так эткен агартуучу, ойчул, Пушкиндин замандашы жана досу Петр Чаадаевдин өмүрү да куугунтукта өтүптүр.

Кыргыздын кеменгер уулдарынын бири, маркум Алым Токтомушев агай устаты Салижан Жигитовду эскерип жазган "Сабак" аттуу макаласында ошол Чаадаевдин "Жиндини актоо" деген чыгармасынан "Прекрасная вещь — любов к отечеству, но есть еще нечто более прекрасное — это любовь к истине" деген сөзүн эпиграф катары пайдаланган.

Алым Токтомушев Салижан Жигитовдукундай эле азаттыктын жарчысы Петр Чаадаевдин айткан, жазгандарын да өзгөчө баалаган окшойт. Өзү котормонун дасыгы болуп туруп, жогорудагы цитатаны кыргызчалабай бергени түп нускасындай болбой калабы деп чочулаган анын ашкере жоопкечилигинен, өзү сыйлаган даанышмандардын накыл кептерин өзгөчө баалаганынан кабар берет.

Аталган макаласын да ал Чаадаев тууралуу баштаптыр.

“Петр Чаадаев акыйкат деп ак урган киши эле. Ата Мекенди алдагандан көрө айыбын ач дечү. Андай "артыкчылыгынын" азабын да тартты. Орус падышачылыгынын каарына калып, "акылдан айныган айбан" маанисинде каргы илинди. Расмий, ашынган патриоттор адашкан иттей талады. Акыл айран калгыдай аналогия: ошол сыяктанган токонаалатка бир жарым кылым ашуун мезгилден кийин биздин улуу устат Салижан Жигитов да туш болду”, – деп жазат Алым агай.

Тилекке каршы, так ошондой тагдырга бүгүн Салижан Жигитов менен Алым Токтомушевди пир тутуп, алардын рухий мурастарын өзүнүн "РухЭш" сайты аркылуу байма-бай коомчулукка жайылтып жүргөн Олжобай Шакир дуушар болуп жатат.

Сөзүмдүн аягында, Олжобай Шакир жөнүндө мындан мурдараак Фейсбукка жарыялаган пикиримди бөлүшө кетейин:

"Акыйкатты айтканда, Олжобай – абийир туткуну. Өз чындыгы үчүн камалып жатат. Олжобайдай дың бузар, бөлөктөрдөн кескин өзгөчөлөнгөн, бизге көнүмүш болгон кадимки алкакка сыйбаган инсандар гана коомду өзгөртөт. Балким, анча-мынча катачылыгы болсо болгондур, бирок ал кылмышкер эмес! Ал эми анын эли үчүн (кыргыз тили, маданияты үчүн) аткарган кызматы – опол тоодой! Анын "РухЭши" тарыхый миссияны аткарып жатканы талашсыз. Адабий айдыңда канча таланттарды ачты, канча таланттарга жол көрсөттү. Мен Абийрбек Абыкаев аттуу мыкты котормочу бар экендигин ушул "РухЭш" аркылуу билдим. Ал киши которгон чыгармаларды эки айдан бери окуп бүтпөйм. Распутиндин "Акыркы мөөнөт" жана "Мария үчүн акча" деген повесттерин жогорку деңгээлде таржымалаптыр. Олжобай Шакирдин сайты Абийрбек ага өңдүү дагы канчалаган шыктуулардын дараметин ачып, адабий аянтча болуп берүүдө. Олжобайды акташ керек деген туура эмес, анткени анын эч кандай айыбы жок - ал эч кеп-сөз жок дароо бошотулууга тийиш".

Олжобай Шакирдин маданий-агартуучулук вазийпаны аркалап келе жаткан "РухЭш" сайтына жарыялаган Алым Токтомушевдин котормосундагы фарсы акыны Саадинин бул саптары биздин замандын өкүмдарларына да эскертүү берип жаткансыйт:

"Аксарайда, акмамыкка керилбей,
Азган элдин алын сурап, тейин көр!
Каратаман карып-мискин көптүгү,
Кантип айтат төгөрөгүң төптүгүн.

Уктап калып кой кырдырган койчуну,
"Уктаптыр" деп актоого да болчубу?
Камын ойло, о эгеси калкыңын,
Жайын ойло, жарды менен жалчынын.

Бадышаны дарак десек карылуу,
Букарасы – анын байлар тамыры.
Тамыр канча терең жайса кучагын,
Дарак шончо кенен жаят бутагын.

Таңбай койсоң өз калкыңдын жаратын,
Тамырыңа өзүң балта чабасың.
Калыс болуп, кайрымдуулук жөнүн бил,
Каргышына калбас үчүн теңирдин.

Жамандыктан жаадай качып коргонуп,
Жаралдык биз жакшылыкка жар болуп.
Бадышасын мээрим колдоп турганда,
Букарасын коркуталбайт бул жалган.

Жардам берген жалчы менен жардыга,
Жараткандын жакшылыгын бар кылат.
Кор тутпаса букарасын эл ээси,
Колдойт аны асман, жердин эгеси.

Калтыс дөөлөт калкы менен кас болот,
Калыстыгы, алыстыгы аз болот.
Оолак жүргүн андай жерден ылайым,
0 такыбам, кулпендеси кудайдын!

Чындык отко чыр-чыр күйгөн өлкөдөн,
Чын жакшылык көрөмүн деп эңсебе!
Акыреттин ишин билбей эсирген,
Алыс жүргүн кекирейген кесирден.

Элин эзип, канын соргон өкүмдар,
Эсеп берет дал тозоктун өзүндө ал.
Зордук менен зомбулуктун акыры
Көөлөп салат адам деген атыңы.

Кадырман шах, канга забын болбогун,
Карманарың калк экенин ойлогун.
Аштыкчыны, дыйкандарды көр карап,
Ач-жылаңач жүрүп кантип жер багат?

Алар сени багып келсе аш менен,
Сен аларды урасыңбы таш менен?!
...Акыл даарып, нурга толсун жүрөгүң,
Атпай журттун ал-абалын биле жүр.

Чындык гана тескеп турсун өлкөнү,
Чындык жокто — өлкө өмүрү өлчөлүү.
Калк козголот залим бийлик зарпынан,
Калат жалгыз жаманатты артынан.

"Өлтүрөм" деп, "көргөзөм" деп башкаруу –
Өз тамырын өзү кыркып жатканы.
Адам канын суудай төгүп эсирген,
Агып өлөт көз жашына жесирдин.

Убал-сооптон оңой эмес кутулуу,
Уруп кетет кусурлардын кусуру.
Акыйкаттан ашкан не бар башка улук,
Акыйкатчыл аким болот бактылуу.

Андай жанды ажал тооруп турганда,
Ардак менен узатышат чын жайга.
Бүт кетебиз. Биздин өмүр — көз ирмем.
Бир жакшылык калат элдин эсинде".

XS
SM
MD
LG