Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:39

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан эки киши каза тапты, тогузу жаракат алды


Каракол шаары менен Түп районунун бириктирген жолдо, Михайловка айылына бурулушта 17-декабрда жол кырсыгы болуп, андан эки адам каза болду. Дагы тогуз адам ар кандай жаракат менен райондук жана облустук ооруканаларга түштү.

Ысык-Көл облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, саат 10:30дарда жүргүнчүлөрдү ташып бараткан Mercedes-Benz Sprinter Mazda Xedos жеңил машинасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктан эки айдоочу тең окуя болгон жерде каза болгон. Каракол- Балыкчы каттамында кичи автобусту 43 жаштагы айдоочу, жеңил унааны 27 жаштагы жаран башкарып бараткан.

Интернетте тараган видеодо жеңил унаа экиге бөлүнүп кетип, анын бир бөлүгү жолдун четинде жатканын көрүүгө болот. Аман калган жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттары менен кар үстүндө машиналардын жанында отурган жана жаткан абалы көрсөтүлгөн. Жолго кар, муз тоңгону байкалат.

Кыргызстанда быйыл январь-сентябрь айларында 4,8 миң жол кырсыгы катталып, андан 489 адам мерт болгон. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 3-ноябрда жол кырсыктары азайбай жатканына байланыштуу кол алдындагыларды сынга алган. Ал ошондой эле электр чыгырыгын (электросамокат) тепкендердин айынан кырсык көбөйүп жатканын эскерткен.

Быйыл 9 айда электр чыгырыгына байланыштуу 58 кырсык катталып, анын кесепетинен 58 адам жаракат алган.

Ушул жылдын март айынан тартып өлкөдөгү жол кырсыктарын азайтуу максатында эреже бузгандарга айыппул көтөрүлгөн. Президент Садыр Жапаров жол кырсыктарынын көп катталышына себеп катары соңку 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр сатылып, белек катары берилип келгенин жана айыппулдун аздыгын атаган.

XS
SM
MD
LG